Ирандык эксперт: АКШ саясий таасирин жоготкондуктан Украинага жардам берген жок

АКШ Украинанын президенти Владимир Зеленскийге өзүнүн саясий таасиринин төмөндөшүнөн улам Орусиянын атайын операциясына каршы турууга жардам бере албайт.

Бул туурасында ирандык саясат таануучу Сэмане Экван “Kayhan” гезитинин колонкасына жазган макаласында билдиргенин РИА Новости жазды.

Эксперттин айтымында, Вашингтон кансыз согуш аяктагандан кийин бир уюлдуу дүйнөдө үстөмдүк кылуучу күч катары өзүнө алган ролун аткара алган жок. Бул АКШнын эл аралык иштерде, анын ичинде Европада да позицияларынын начарлашына алып келди.

Экван бул боюнча мисал келтирип, Украина президенти Владимир Зеленский америкалыктарга, НАТОго жана Европа Биримдигине анын өлкөсүн Орусиядан коргоо үчүн бир нерсе кылууну өтүнүп, улам-улам кайрылуу жасаганын, бирок алардын баары муну аткара албастыгын кайра-кайра далилдешкенин белгиледи.

Анын пикиринде, Вашингтондун Украина боюнча Орусия менен ачык чыр-чатакка баргысы келбегендиги тууралуу билдирүүлөрү – АКШнын мындай тирешүүгө чындап даяр эместигин жашыруу аракети болуп саналат.

Эске  салсак, Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган.

Комментарий жиберүү