Ирандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин позитивдүү көз карашыңыздын аркасында дос жана бир тууган эки өлкө Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүүнүн негизги багытында уланып, өлкөлөрүбүздүн эки тараптуу тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана элдердин бакубаттуулугун чыңдоодо жана жайылтууда аймактык жана эл аралык кызматташтык маанилүү роль ойнойт деп ишенем.

Жараткандан Сизге жана үй-бүлөңүзгө ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү тилейм», – деп айтылат Иран Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Комментарий жиберүү