Ирандын президенти: Украинанын эли АКШнын каардуу саясатынын курмандыгы болду

Ирандын президенти Ибрхим Раиси Украинанын эли АКШнын каардуу саясатынын курмандыгы болду деп эсептейт.

“Украинанын эли дагы Ооганстан, Йемен жана Ирактын эли сыяктуу эле АКШнын каардуу саясаттарынын курмандыгы болду”,- деп билдирди Раиси Министрлер кабинетинин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө.

“Ислам Республикасынын Жогорку лидери (Аятолла Али Хаменеи) белгилегендей, Иран согушка каршы, согуш канчалык эрте бүтсө, бардыгы үчүн ошончолук жакшы”, – деди ал.

Эске салсак, буга чейин Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Украина АКШнын кризис жаратуучу саясатынын курмандыгы болуп калганын жана Украинаны ушул абалга АКШ алып келгенин билдирген.

“Биз Украинадагы согуштун токтотулушун жактайбыз. Бирок, ар кандай кризисти чечүүдө анын тамырын билүү керек. Украинадагы кризистин тамыры – АКШ болуп саналат. Бул Украина үчүн сабак болду. Батыш өкмөттөрүнүн колдоосу – бул закым, аларга ишенүүгө болбойт”, – деп баса белгилеген Аятолла Али Хаменеи.

Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февраль күнү эртең менен баштаган. Операциянын максаты – Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, Донбасстын геноцидге дуушар болгон карапайым калкын коргоо болуп саналат.

Ошол эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялаган.

Эки тараптын делегацияларынын согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы Беларустун Гомель облусунда өтүп, тараптар жетекчилери менен кеңешүү үчүн таркашкан. Экинч жолугушуу Беларустун Брест облусунда өтүп, тараптар гуманитардык коридорлорду түзүүнү макулдашкан.

Тынчтык сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы бүгүн, 7-мартта өтөрү күтүлүүдө.

Комментарий жиберүү