Иран кыргыз-тажик чекара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө жардам берүүгө даяр

 Ирандын Бишкектеги элчиси Саид Харрази Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бокболотов менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы аскерий кызматташууларды жана аймактык маселелерди талкуулашты.

Харрази Иран бийлигинин коңшулар менен алакаларды кеңейтүү боюнча тышкы саясатына жана өлкө президенти Ибрахим Раисинин буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери менен болгон көптөгөн жолугушууларына токтолуп, сентябрда Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Иран менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусун маанилүү деп баалады.

Элчи ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Иранга сапар менен келүүгө даяр экенине токтолуп, Иран Ислам Республикасынын өкмөтү бул сапарга даярдыктарды көрүп жатканын белгиледи.

Эске салсак, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров Самарканд шаарында ирандык кесиптеши Ибрахим Раиси менен жолугушкан. Анда Раиси Жапаровду Тегеранга сапар менен келип кетүүгө чакырган. Өз кезегинде Жапаров чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Раисини өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.

Элчи ошондой эле маектеши жакында эле Ирандын Коргоону күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-майор Мохаммад Багери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүнө токтолуп, Тегеран эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтыкты баштоого даяр экенин билдирди.

“Аймактын өзгөчө шарттары, өзгөчө Ооганстандагы окуялар жана террордук топтордун аймактагы активдүүлүгүнөн келип чыккан коркунучтар бул кызматташтыктарды ишке ашыруу процессин тездетүүнү талап кылат”, – деди ирандык дипломат.

Ал Ирандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон мамилесинде тең салмактуу саясатын баса белгилеп, Борбор Азияда туруктуулукту жана тынчтыкты орнотууну колдоо Иран Ислам Республикасынын негизги саясаты экенин билдирди.  

Мындан тышкары, элчи Иран өлкөсү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талаш-тартыштарын тынчтык жолу менен чечүүгө жардам берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Ал ошондой эле Ирандын Тажикстан менен аскердик кызматташтыгы Ооганстандагы өзгөчө шарттарга, ал жактан келген коркунучтарга каршы күрөшүүгө багытталганын айтты.

Соңунда Харрази Ирандын куралдуу күчтөрүнүн коргонуу өнөр жайындагы ийгиликтерине токтолуп, Иран Кыргызстандын аскердик делегациясын кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бокболотов Иран менен Кыргызстандын мамилеси достукка жана ишенимге негизделгенин, эки өлкөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок экенин билдирди.

Ал Кыргызстан Иран Ислам Республикасынын куралдуу күчтөрү менен кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Бокболотов учурда аймакта экстремисттик жана террористтик топтордун жана элементтердин болушунан улам курч көйгөйлөр бар экенин кошумчалап, өткөн сентябрдагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чатактарынан кийин бул кооптонуулар күчөгөнүн билдирди. 

Ал ирандык кесиптеши генерал Мохаммад Багери менен акыркы телефондон сүйлөшүүсүндө, анын Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалдарына тынчсыздануусун билдиргени үчүн ага ыраазычылык билдирип, Тажикстанга берилген курал-жарак Кыргызстанга каршы колдонулбай турганын жарыялаган аракетин жогору баалады.

Министр эки өлкөнүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүгүнө, ошондой эле Ирандын ар кандай аскердик техникаларды чыгаруудагы ийгиликтерине токтолуп, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы байланышты күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал согуштар, анын ичинде Ирактын Иранга каршы жүргүзгөн согушу (1980-88 – ред.) жана бул согуштардын коомдук мамилелерге тийгизген кесепеттерине токтолуп, Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин бири-бирине душмандыгы жок экенин жана чек ара талаш-тартыштары жакынкы аралыкта чечилерин айтты.Бекболотов Кыргызстандын Коргоо министрлиги Ирандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн Иранга делегация жөнөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Комментарий жиберүү