Иран ТИМи: Тегеран менен Москванын кызматташтыгы Киевге каршы багытталган эмес

Москва менен Тегерандын ортосундагы коргоо кызматташтыгы эч бир үчүнчү мамлекетке, атап айтканда Киевге каршы багытталган эмес.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Кананни маалымат жыйынында билдирди.

“Иран менен Россиянын кызматташтыгы жалпы кызыкчылыктарга негизделген, эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы кызматташтыгы эч бир үчүнчү өлкөгө каршы багытталган эмес”, – деп билдирди Канаани.

Ал дагы бир жолу Тегеран украин жаңжалынын катышуучусу эмес экенин жана согуштук аракеттерге катышпай турганын баса белгиледи.

“Бул кризисти саясий диалог чече алат, ал тынчтыкты орнотуу жана согушту токтотуу үчүн зарыл. Биз бул жаңжалга катышкан тараптардын эч бирине курал да, аскердик жардам да берген жокпуз деп көп жолу айтканбыз”, – деди ирандык дипломат.

Батыш өлкөлөрү Иран учурда Украинадагы аскердик операциялар үчүн Россияга учкучсуз учактарды жеткирип жатат деп ырастоодо. Москва менен Тегеран мындай айыптоолорду бир нече жолу четке кагышкан. Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Тегеран Россияга учкучсуз учактарды жеткиргенин, бирок аларды Украинада атайын операция башталганга бир нече ай калганда жеткиргенин билдирген.

Ирандын тышкы иштер министри Россияга ракеталар жеткирилгени тууралуу маалыматты “толугу менен жалган” деп атаган. Кремль ошондой эле аларда ирандык курал-жарактар ​​боюнча маалыматтар жок экенин белгилеп, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “орусча аталыштагы россиялык жабдыктар колдонулуп жатканын” билдирген.

Комментарий жиберүү