Иран университетте окуусуна тыюу салынган ооган кыздарына билим алууга жардам берет

Окшош мазмун

 Иран бийлиги ооган аялдарынын билим алуусуна жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Иран бийлиги “Талибан” кыймылынын аялдардын жогорку окуу жайларында билим алуусуна тыюу салуу чечиминен кийин ооган аялдарына университетте билимин улантууга жардам берүүгө даяр экенин жекшембиде Иран президентинин үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча орун басары Энсие Хазали билдирди.

“Аялдар иштери боюнча комиссиянын директору менен акыркы жыйынынын алкагында болгон жолугушууда ал Иран бийлигинин оогандык качкын аялдарга көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, жогору баалады. Ислам Республикасы ооган аялдарынын университетте ар кандай баскычтарда билим алуусун улантууга жардам берүүгө даяр”, – деп жазды Хазали өзүнүн Twitter баракчасына.

Эске салсак, өткөн аптада Ооганстандын талиптер түзгөн өкмөттүн Билим берүү министрлиги студент кыздардын университеттерде окуусуна тыюу салган.  Министрлик кыздардын светтик университеттерде билим алуусу исламдын мыйзамдарын бузуп, ислам салттарына каршы келерин билдирген.

Ооганстандагы мамлекеттик жана жеке университеттерге жөнөтүлгөн катта студент кыздардын окуусун тез арада токтотуу тууралуу өкмөттүн буйругу жазылган.

Талибдер өткөн жылы августта бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоого убада берип, бирок көп өтпөй аларга карата түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан.

2021-жылы сентябрда алар университеттер үчүн жаңы эрежелерди киргизишкен: эркектер менен кыздар өз-өзүнчө окуп, бардыгы талиптердин түшүнүгүндөгү исламдын эрежелерин сактап кийинүүгө милдеттендирилген.

Мындан тышкары, жаңы өкмөт 20 жылдан бери иштеп келген Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектептеги окуусун чектеп, аялдырдын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салып, телеканалдардагы алып баруучуларды эфирге хижаб кийип чыгууга милдеттендиришкен.

Жарыяланды Uncategorized

Комментарий жиберүү