ИШИМдин картасында Борбор Азия жок. «Талибан» күчтөнсө эмне болот?

16-августта “Талибан” Кабулду курчап, өлкөнүн Президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып чыгып кетти.

Бул арада Оогантанда чет элдик жарандар менен жарыша жай тургундар да өз өлкөсүн таштап качуу аракетин көрүшүп, Кабул аэропортунда башаламандык орноп, учакка батпай калып, бортко жабышкандардын видеосу интернет желесинде желдей тарады.
Ал учурда Талибан кыймылынын лидерлери Президенттин сарайын ээлеп, бийликти колго алганын жарыялады. Ошондой эле, 20 жылдан берки согуш токтогонун, өлкөнүн жашоочулары менен чет элдик дипломаттардын коопсуздугуна кепилдик берилерин билдирди.
Бирок, эл аралык коомчулукта эксперттер Ооганстанда бийлигин бекемдеген талибдердин кийинки максаты Борбор Азияны багындырууга багытталаарын айтышууда.
Белгилей кетсек, “Талибан” ооган бийлиги менен согушуп келе жаткан 20 жыл бою өз бийлигин, “Ислам эмиратын” түзүү ниети бар экендигин билдирип келген. Эми алар максатына жетип, Ооганстанды колго алышты. Эксперттер, аталган кыймыл ушуну менен эле токтоп калаарынан күмөн санап, алар эми Борбор Азияны максат кылышат деп эскертишүүдө.
Ошол эле учурда соцтармактарда ИШИМ тобуна тиешелүү деген карта жарыяланды. Анда жаңы чек аралар түзүлүп, Борбор Азия аймагы “Хурасан” деп аталган.
“Талибандын” саясий бюросунун расмий өкүлү Мухаммад Наим аталган кыймыл коңшуларга тийишпей турганын билдиргенине карабатан, эл аралык коомчулукта Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга дыккаттык менен көз салып, чек араларда бекем туруш керек экени айтылып жатат.
Айрымдар качкындар Тажикстан тарапка агыла турган болсо, бул өлкөдө жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу бар экенин жокко чыгарышкан жок.
Кыргызтандын президенти Садыр Жапаров УКМК, Коргоо комитети жана ТИМге Ооганстандагы абалга тыкыр көз салып, тез арада ал жактагы кыргызстандыктарды алып келүү маселесин чечүүнү тапшырган.

Комментарий жиберүү