Кыргызстан менен Тажикстандын дагы 43,32 чакырым чек арасы такталды

Эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты. Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты.

 

1 of 2-+

Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Комментарий жиберүү