Көлөмү 1,4 чакырым. Жерди көздөй ири астероид учуп келе жатат

21-августта Жер планетасына кооптуу делген 2016 AJ193 астероиди жакындайт.

Бул тууралуу Москва планетарийи билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Адистеринин айтымында, астероид Жер планетасынын жанынан учуп өтөт.

Аталган планетарийдин берген маалыматына караганда, NASA уюмунун эксперттери 2016 AJ193 астероиди 21-августта Жерге болжол менен 3,4 миллион чакырым жакындай турганын билдиришкен. Анын көлөмү болжол менен 1,4 чакырым деп эсептелүүдө.

Астероиддер – жерге жакындаган асман телолорунун бүтүндөй бир классы. Алардын жакынкы келечекте Жер планетасына 7,5 миллион чакырым же андан да жакындашы мүмкүн болгон коркунучтар бар.

Акыркы жүз жыл ичинде астероиддин мындай Жерге жакын учкан 30дан ашкан учуру катталган. Бактыга жараша, бул айтылган асман телолорунун баары Жердин жанынан эч кандай тоскоолдуксуз өтүп кетишкен.
Тарыхта астероиддердин Жерге бир кыйла жакын учкан учуру 2011-жылыкатталган. Көлөмү 100 жана 360 метр болгон эки асман телосу Жер планетасына 384 миң чакырым жакындаган.

Илимпоздор астрономдор тарабынан байкалбаган, Жерге кулагандан кийин гана билинген асман телолору эң коркунучтуу экенин экертишет. Планетарийдин адистери мындай учур болжол менен жүздөгөн жылдарда бир жолу болорун билдиришти.

Комментарий жиберүү