Лавров: Орусия Украинадагы атайын операциясын улантат

Орусия Украина менен сүйлөшүүлөргө даяр, бирок коркунуч туудурган инфраструктураны жана курал-жарактарды жок кылуу үчүн операциясын уланта турганын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Биз сүйлөшүүлөргө даярбыз, бирок операцияны улантабыз, анткени биз Украинадагы Орусиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган инфраструктураны калтыра албайбыз”, – деди министр орусиялык жана чет элдик маалымат каражаттарына берген маегинде.

Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февраль күнү эртең менен баштаган. Операциянын максаты – Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо, Донбасстын геноцидге дуушар болгон карапайым калкын коргоо болуп саналат.

Ошол эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялаган.

Эки тараптын делегацияларынын биринчи жолугушуусу Беларустун Гомель облусунда өткөн. Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы күтүлүп жатат.

Комментарий жиберүү