Марокконун футболчулары Испанияны уткандан кийин Палестинага колдоо көрсөтүштү

Марокконун курама командасынын футболчулары 1/8 финалда жеңишке жеткенден кийин Палестинанын желеги менен сүрөткө түшүп, палетиналыктарга колдоо көрсөтүштү.

7-декабрга караган түнү Марокконун курама командасы плей-оффтун биринчи таймында Испаниянын курамасын жеңип, тарыхта биринчи жолу чейрек финалга чыкты.

Негизги жана кошумча убакыт 0:0 эсеби менен аяктады. Пенальти сериясында марокколуктар күчтүүрөөк болуп чыгып, оюн 3:0 эсебинде аяктады. Марокконун дарбазачысы Яссин Буну испаниялыктардын 11 метрлик эки соккусун кайтарып, дагы бири штангага тийди.

Финалдык ышкырыктан кийин марокколук футболчулар күйөрмандарга таазим кылышты. Ошентип марокколуктар тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыгышты.

Марокко курама командасынын башкы машыктыруучусу Валид Реграги Испания курамасы менен болгон беттештеги жеңишти Марокко элине арнады.

Оюн аяктагандан кийин Марокконун курама командасынын  футболчулар Палестинанын желеги менен жалпы сүрөткө түшүштү.

Комментарий жиберүү