Меркель Антониу Гутерриштин сунушунан баш тартты

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин уюмда кеңешчи болуп иштөө сунушунан баш тартты.

Бул тууралуу чет элди маалымат каражаттар жазышты.

Меркелдин бюросу экс-канцлер БУУда иштөө тууралуу Гутерриштин сунушу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүп, ишеним көрсөткөнү үчүн башкы катчыга ыраазычылык билдирип, бирок акырында бул сунуштан баш тартканын билдирген.

Эскерте кетсек, Гутерриш Меркелге бүткүл адамзатка пайда алып келе турган коомдук товарлар боюнча кеңеш берүүчү жогорку органга төрагалык кылууга чакырган.

Ангела Меркель немис өкмөтүн 2005-жылдан бери жетектеп келген.2018-жылдын октябрь айында ал 2021-жылы Бундестагга шайлоодо канцлерликке талапкерлигин койбой турганын жарыялаган.
Немис өкмөтүнүн башчысы кызматынан кетер алдында “DW” телеканалына берген маегинде мындан ары саясатка аралашпай турганын айткан.

Комментарий жиберүү