Москвада Раиси менен Путин жолукту. Талкууланган маселелер

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада ирандык кесиптеши Ибрахим Раиси менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелерди, аймактагы кырдаалды, Батыштын санкциялары жана Тегерандын өзөктүк программасын талкуулашты.

“Пандемия учурунда Москвага убакыт таап келгениңиз үчүн ыраазычылык айткым келет. Сиздин инаугурацияңыздан кийин дароо биз дайыма байланышта болдук. Бирок, албетте, видеоконференциялар да, телефондук сүйлөшүүлөр да жеке баарлашууну алмаштыра албайт”, – деп орус лидери кесиптешине кайрылды.

Ал ошондой эле Ирандын руханий лидери Али Хаменеиге эң жакшы каалоолорун жолдоду.

Экономикалык кызматташтык

Негизги темалардын бири эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү болду.

“Биз Орусия менен болгон мамилелер туруктуу жана ар тараптуу болушун каалайбыз”, – деди Раиси.

Путин өз кезегинде өлкөлөр COVID-19дун жайылышынан улам келип чыккан экономикалык тармактагы кыйынчылыктарды жеңе алышканын белгиледи.

“Пандемияга карабастан, 2020-жылы бизде соода жүгүртүүдө анча чоң эмес болсо да алты пайыздан ашык өсүштү байкадык. Ал эми өткөн жылы – 38 пайыздан ашык өсүш болду”, – деди Путин.

Ирандын лидери бул жагынан оптимисттик келечекти белгиледи. Анын айтымында, соода-экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүү деңгээли бир нече эсеге өсүшү мүмкүн.

Аймактагы абал

Мамлекет башчылары ошондой эле аймактык көйгөйлөрдү, анын ичинде Сирия маселесин чечүүдөгү өз ара аракеттенүүгө жогору баа беришти.

“Биздин Сирияда Орусия менен кызматташуу боюнча абдан жакшы тажрыйбабыз бар, бул аймактагы, Сирия Араб Республикасындагы терроризмге каршы күрөштө кызматташуу. Мындай абдан жакшы тажрыйба бизге бул тажрыйбаны башка көптөгөн тармактарда колдонууга өбөлгө түзө алат”, – деди Раиси.

Ошол эле учурда Путин Ооганстандагы кырдаалга да токтолду.

“Учурда, албетте, Сизди да, бизди да Ооганстанда болуп жаткан кырдаал тынчсыздандырып жатат. Мен бул маселелердин баарын Сиз менен талкуулап, бул көйгөй боюнча Сиздин позицияңызды билгим келет”, – деди ал.

Өзөктүк программа жана санкциялар

Мындан тышкары, орус лидери Тегерандын өзөктүк программа боюнча позициясынын маанилүүлүгүн белгиледи.

2018-жылы, ошол кезде АКШнын президенти болгон Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыкканын жарыялап, Ислам Республикасына каршы жаңы санкциялардын пакетин жарыялаган. Иран бийлиги буга жооп катары келишимдеги эки пунктунун токтотулгандыгын жарыялаган.

“Албетте, Сиздин өзөктүк келишим боюнча позицияңызды билүү мен үчүн абдан маанилүү”, – деди Путин.

Раиси Батыштын бир тараптуу кысымынын фонунда Орусия менен Ирандын кызматташуусун бекемдөө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

“Биз 40 жылдан ашык убакыттан бери америкалыктарга туруштук берип келебиз. Биз эч качан санкциялар же коркутуулар үчүн өлкөнүн прогрессин жана өнүгүүсүн токтотпойбуз”, – деди Ислам Республикасынын президенти.

Ал ошондой эле Тегеран чектөө чараларын алып салуу аракетин көрүп жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Раиси Москвага алгачкы расмий сапары менен кечээ, 19-январда барган. Аны “Внукова” аэропортунан Орусиянын энергетика министри Николай Шульгинов жана тышкы иштер министринин орун басары Игорь Моргулов тосуп алган.

Раиси Орусияга жасаган эки күндүк сапарынын алкагында бүгүн Мамлекеттик Думанын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт, ошондой эле Москвадагы собордук мечитке барып, мусулман дин кызматкерлери менен жолугушат.

Комментарий жиберүү