Ооганстанда «Азаттык» жана «Америкаүнү» радиосунун уктурууларына тыюу салынды

 Ооганстанда Талибан кыймылы жетектеген өкмөт “Америка добушу” жана “Азаттык радиосунун” уктурууларына тыюу салды.

Бул тууралуу 1-декабрда “Khaama Press” агенттиги Ооганстандын Маданият жана маалымат министрлигинин билдирүүсүнө таянып билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Маданият министрлигинин телерадиоберүүлөрдү көзөмөлдөө кызматынын башчысы Абдул Хак Хамаддын айтымына караганда, аталган чет элдик радиолордун жабылышына окуялардын бир жактуу чагылдырылышы жана журналисттик этиканын сакталбаганы себеп болгон.

“Өлкөдө бийликти басып алган Талибан кыймылы тарабынан түзүлгөн Ооганстандын Убактылуу өкмөтү окуяларды бир жактуу чагылдырып, журналисттик этиканы сактабагандыктан “Азаттык” жана “Америка добушу” радиолорунун уктурууларына тыюу салды”, – деп жазылат маалыматта.

Ооганстанда бийликти талиптер басып алгандан бери өлкөдө маалымат каражаттарына жана журналисттерге бир катар чектөөлөр киргизилип келет. Талибан ошондой эле теле алып баруучу аялдарга эфирге бетин жаап чыгуу талабын да койгон.

Чектөөлөдөн жана экономикалык кыйынчылыктардан улам ондогон жеке телеканалдар, радиостанциялар жана басма сөз каражаттары ишин токтотконго мажбур болушкан.

Комментарий жиберүү