Ооганстандын башчысы өлкөдөн акча шыкалган унаалар менен качкан

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Кабулдан акчага толтурулган унаалар менен качкан, өзү менен кошо алып кете албай калган акчалар аэропорттун учуу тилкесинде калган.

Бул тууралуу РИА Новостиге Орусиянын эличилигинен билдиришти.

Дипломатиялык миссиянын басма сөз катчысы Никита Ищенконун айтымында, Ашраф Гани өлкөдөн акчага толтурулган төрт унаа менен качып кеткен, акчалардын башка бөлүгүн тик учакка салууга аракет кылышкан, бирок баары батпай калып, акчалардын бир бөлүгү учуу тилкесинде калган.

Ооганстандагы кырдаал өзгөчө акыркы жумаларда талибан ири шаарларга чабуул кое баштаганда курчуп кетти.

Жекшемби күнү ЖМК жана булактар козголоңчулар бардык чек ара жолдорун көзөмөлдөп жатканын маалымдашкан.

Ошол эле күнү согушкерлер Кабулга кирип, президенттик сарайды көзөмөлгө алышканы кабарланган.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген.

Дүйшөмбү күнү кечинде Талибандын саясий кенсесинин расмий өкүлү Мухаммед Наим Ооганстанда согуш аяктагандыгын билдирип, мамлекеттеги башкаруу формасы жакында айкын болорун айткан.

Комментарий жиберүү