Ооганстандын 22 учагы менен 24 тик учагы Өзбекстандын чек арасын бузду

14-15-августта Өзбекстандын аба мейкиндигин бузган Ооганстандын 22 аскердик учагы менен 24 аскердик тик учагы Термездеги эл аралык аэропортко мажбурлап кондурулган.

Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, учактардын ичинде Ооганстандын 585 куралчан аскер кызматкери болгон.

Маалыматта белгиленгендей, 15-августта Ооганстандын үч “EMBRAYER-314” учагы Каршидеги  “Ханабад” аэропортуна конууга уруксат сураган. Алар Термез аэропортуна конууга буйрук алышкан. Учактарды коштоо үчүн асманга эки МИГ-29 учагы көтөрүлгөн.

Учактарды коштоо учурунда Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда Ооганстандын “EMBRAYER-314” учагы менен Өзбекстандын аба күчтөрүнүн “МИГ-29” согуштук учагы кагылышкан. Учактын учкучтары катапульта жасоого үлгүрүшкөн.

Ошол эле күнү Ооганстандын 158 жараны жана куралчан аскерлери Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз түрдө дарыя аркылуу Термез аймагына өтүшкөн.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул фактылар боюнча кылмыш ишин козгоду.

Комментарий жиберүү