Орусия Мариуполдо химиялык курал колдонгонбу?

Орусия куралдуу күчтөрүн Украинанын чыгышына топтоону улантууда. Киев алар Донбасста катуу чабуулга даярданып жатканын айтып келатат. Ал арада украин президенти Владимир Зеленский каршы тарап Мариуполдо химиялык курал колдонгон болушу мүмкүн деп билдирди. Ал эми Орусия бул мааалыматты четке какты.

Мариуполдун мэри Вадим Бойченко Ассошиейтед Пресске билдиргендей, шаардагы 10 миңден ашуун карапайым киши өмүр менен кош айтышты, “көчөлөрдө каршы терши сулаган сөөктөр жатат”. Каза тапкан жай тургундардын саны тууралуу маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

Порт жети жумадан бери орус армиясынын курчоосунда турат. Аткылоолордон улам эвакуация жай жүрүүдө, гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүн болбой жатат. Чыга албай калган тургундар тамак-аш, таза суу, башка эң керектүү нерселер тартыш абалда күн көрүп келатышат.

Мариупол. 7-апрель, 2022-жыл
Мариупол. 7-апрель, 2022-жыл

11-апрелде украин президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михайло Подоляк Мариуполдогу украин аскерлери “курчоодо жана блокадада” калганын Твиттерге жазды. Ошол эле күнү Зеленский Орусия Азов жээгиндеги шаарды жер менен жексен кылып, күлгө айландырганын” айткан.

Киевдин жана Батыштын өкүлдөрү ал жакта “Азов” аскердик бөлүгүнүн аскерлерине каршы химиялык курал колдонулган болушу ыктымал деген маалыматтарды иликтеп жатышат.

“Бүгүн баскынчылар террорчулугунун жаңы баскычына даярданып жатышканын уктук. Баскынчылардын бири Мариуполдун коргоочуларына каршы химиялык курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатышканын айтты. Дүйнө лидерлеринин эсине сала кетейин, химиялык курал колдонуу ыктымалдыгын орус аскерлери буга чейин эле сөз кылып келишкен. Орусиянын агрессиясына каршы катаң жана тез чаралар көрүлүүгө тийиш”, – деп айткан 11-апрелдин кечинде Зеленский.

Украин куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы жана Батыштын расмий өкүлдөрү Орусия аскерлерин Киевдин түндүгүнөн жана Беларустан Харьков, Донецк жана Луганск тарапка тартып жатканын билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, Москва Донбасстын Киевдин көзөмөлүндөгү жерлерин да басып алууну максат кылууда.

Дүйшөмбүдө өткөн брифингде Пентагондун басма сөз өкүлү Жон Кирби Украинадагы согуштук аракеттерди жетектөөгө дайындалган генерал Александр Дворников карапайым тургундардын азап чегүүлөрүн көз жаздымда калтырган адам катары белгилүү экенин билдирди:

“Анын дайындалышы менен согуштун эмки баскычы созулуп, мындан көп кан төгүлүшү мүмкүн дегенди билдирет. Мен бул генерал жаңы кандуу тактиканын автору болот деп кесе айткым келбейт. Бирок буга чейин көргөндөргө таянып, Орусиянын ырайымсыздыгынын жаңы барагы ачылып жатат деп айта алам”.

Дворников буга чейин Орусиянын Сириядагы операциясын көзөмөлдөп келген.

Орусия Украинага басып кирген 24-февралдан бери канча кишинин өмүрү кыйылганы белгисиз. Украин армиясынын кол башчылары 12-апрелде билдиргендей, урушта орусиялык 19 миң 500 аскер каза тапты. Ал эми орус Коргоо министрлиги марттын этегинде 1 миң 370 жоокерин жоготконун маалымдаган. Ошондон бери статистикасын жаңырта элек.

Америкалык расмий адамдар Орусия кеминде 10 миң аскеринен айрылганын расмий билдирип, ал эми жеке сүйлөшүүлөрдө реалдуу сан Киевдикине жакын экенин айтышат. Салыштыра кетсек, советтик армиянын Ооганстандагы 10 жылдык согуштагы жоготуулары мындан аз болгон.

Киев облусу. 20-март, 2022-жыл
Киев облусу. 20-март, 2022-жыл

Украин тарап канча жоокери окко учканын мамлекеттик сыр деп, аны ачык жарыялай элек. Бирок президент Владимир Зеленский марттын ортосунда 1 миң 300 аскер курман болгонун айткан.

Москва Киев менен тынчтык сүйлөшүүлөрү тез жүрбөгөнүн айтып, Батыш согуш кылмыштары тууралуу айыптоолору менен аларды үзгүлтүккө учуратууга аракеттенүүдө деп айыптап келатат.

“Биздин атайын операция Кошмо Штаттардын жана анын таасири алдында калган Батыштын дүйнөлүк алкактагы экспаниясын кеңейтүү аракетине чекит коюуну көздөйт”, – деген орус тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чакта ок атуу токтобосун эскертти.ДАГЫ КАРАҢЫЗЛандсбергис: Путинчилер калпты катырууда

Зеленскийдин өкмөтү орус тараптын шарттарын четке каккандан кийин жана Кремл Донбассты алууга умтулуп жаткан кезде тынчтык сүйлөшүүлөрү дээрлик туңгуюкка кептелди.

Европалык дипломаттардын орус президенти Владимир Путинге чабуулду токтотуу талабынан майнап чыккан жок. 11-апрелде Москвага барып кеткен Австриянын канцлери Карл Нехаммер Путин толугу менен “согуштун логикасына батканын” айтып, жолугушуудан кийин пессимисттик маанайда кайтканын билдирди.

https://www.azattyk.org/a/orusiya-mariupoldo-himiyalyk-kural-koldongonbu/31798832.html

Комментарий жиберүү