Президенттин кереги жок: Ооганстанды бир нече адам башкарышы мүмкүн

“Талибан” кыймылына президенттин кереги жок, ошондуктан кыймыл Ооганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүнү көздөп жатат.

“Талибан” Ооганстанды башкаруу үчүн 12 кишиден турган кеңеш түзүүгө ниеттенүүдө, анын ичинде өлкөнүн мурдагы өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү бар.

Бул тууралуу “Foreign Policy” журналы кыймылдын лидерлерине таянуу менен жазды.

Маалыматта белгиленгендей, талибтер Ооганстанда президент же башка жалгыз лидердин кызматын калыбына келтирүүнү каалашпайт.

Ошол эле учурда, Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн кеңешиндеги эң таасирдүү үч адам: талибтердин саясий канатынын лидери Абдул Гани Барадар, талибтердин аскердик комиссиясынын башчысы Моулави Якуб (кыймылдын негиздөөчүсү мулла Омардын баласы) жана  “Хаккани тармагы”диверсиялык тобунун башчысы Сиражуддин Хаккани болмокчу.

“Талибан” АКШ колдогон мурунку өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнө министрликтердеги жана жаңы кабинетте кызмат орундарды сунуштоону көздөшүүдө.

Мындан тышкары, Якуб менен Барадарга жакын булактардын маалыматы боюнча, талибтер башкаруучу кеңештин курамында атактуу талаа командири Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масудду да көргүсү келери белгилүү болду.

Бирок басылманын айтымында, Ахмад Масуддун башкаруучу кеңештин курамына кириши күмөн, анткени Масуд өзү учурда Ооганстандын Панжшер провинциясында  талибтерге каршылык көрсөтүү күчтөрүн жетектеп жатат.

Комментарий жиберүү