Россиянын 74 аймагында «чочкотумоосу» аныкталды

 Россияда сасык тумоо, курч вирустук инфекция менен ооругандардын саны бир жумада 23%га өстү жана өлкөнүн 74 аймагында “чочко тумоосу” аныкталды.

Бул тууралуу Роспотребнадзор билдиргенин орус басылмалары жазышты.

“Россияда сасык тумоо жана курч вирустук инфекция менен ооругандардын санынын өсүүсү уланууда. Акыркы жумада курч вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу 23,3%га өстү. “Чочко тумоосу” деп аталган оору 74 аймакта аныкталды”, – деп айтылат Роспотребнадзордун маалыматында.

Маалыматка ылайык, Россияда 72,4 миллиондон ашуун адам, өлкө калкынын 49,5%ы сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөн.

Чочко тумоосу (H1N1) – бул чочкодо пайда болгон вирустук инфекциянын бир түрү. Чочко вирусун өзгөчө ветеринарлар жана чочко багуучулар менен байланышта болгондорго жугузушу мүмкүн. 

H1N1 вирусунун штаммы илимпоздор тарабынан 2009-жылы таанылган. Ал чочкодон чыкканы менен, адамдан адамга жугат.

Ал сасык тумоого окшош симптомдорду жаратат жана грипптин башка түрлөрү сыяктуу эле өтө жугуштуу жана адамдан адамга тез тарап, жогорку жана төмөнкү дем ​​алуу жолдорунун инфекцияларын пайда кылат.

Комментарий жиберүү