Садыр Жапаров Түркиянын президентине өрттөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын айрым провинцияларында адам курмандыктарына жана кайгылуу кесепеттерге алып келген ири өрт кырсыктарына байланыштуу көңүл айтты.

Бул тууралуу КРнын мамлекет башчысынын администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
 «Мен Түркиянын бир нече провинцияларында чыккан өрттөн адам өмүрү кыйылды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде мен Түркия элине бул табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуда кайраттуулук жана туруктуулук каалайм. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй -бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам жана бардык жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм “, – деп айтылат көңүл айтууда.
Эске салсак, 30-июлда Анталия токоюнда ири өрт чыгып, бир канча аймактарга тарап кеткен. Кийнчерээк бул өрт атайын уюштурулганы белгилүү болгон. Өрттөн кеминде 6 адам мерт кетип, 400дөн ашууну жабыркаган.

Комментарий жиберүү