Тажикстандын энергетикадагы ийгиликтери эмнеден кабар берет?

Кыргызстанга свет сатпаган Тажикстан электр энергиясын өткөн жылга салыштырмалуу 5,7%га көп өндүрүп, экспорттон 93,5 миллион доллар киреше тапты.

Ошентип алардын экспорту өткөн жылга караганда 1,8 эсеге өскөн. Алар негизинен Ооганстан менен Өзбекстанга гана саткан. Бул тууралуу Спутник-Тажикстан сайты өлкөнүн Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигине шилтеме берип жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, экспорттун көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 40,5 миллион доллардан ашкан.

Жалпысынан Тажикстанда 18,7 млрд кВт сааттан ашык электр энергия өндүрүлгөн, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7%га көп.

Маалым болгондой, келишимге ылайык жаз-жай мезгилинде Өзбекстан менен Ооганстанга 3 миллиард кВт саат электр энергиясын экспорттоо пландалган.

Быйыл Кыргызстанда энергетика тармагында каатчылык күчөдү. Мындан улам, кошуна мамлекеттерден, анын ичинен Тажикстандан да свет сатып алуу үчүн ушул жылдын 2-октябрында кыргыз делегациясы Дүйшөмбүгө барган.

Бирок ноябрдын аягында Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорт кылуу тууралуу чечим кабыл алынган эмес деген маалыматты таратты. Ага чейин Кыргызстандын ал жактан 1 миллион кВт саат электр энергиясын алып жатканын айтканы менен кийин кайсы мөөнөткө чейин алып жатканын ачыктаган эмес.

Комментарий жиберүү