“Талибандын” алгачкы кадамы аялдарды бийликке чакыруу, чиновниктерге мунапыс, маңзатка тыюу болду

“Талибан” бийликти колго алгандан кийинки алгачкы саясий чечимдерин жарыялады.

Алар аялдарды Ооганстандагы болочок өкмөттү башкарууда катышууга чакырышаарын жана өкмөттө иштегендерди кысымсыз кайра жумушка алышаарын билдиришти. Бул тууралуу “Талибан” администрациясынын мүчөсү Энамулла Самангани телеканал аркылуу чыгып сүйлөдү.
“Биз шарыятка ылайык гана иш жүргүзүп, андан аша чапкан мыйзамдары киргизбейбиз. Мисалы, аялдар мурдагыдай үйдө камалып отурушпайт, окуганга уруксат берилет жана толук чүмкөнүү шарт эмес”,- деди ал.
Белгилей кетсек, 1996-2001-жылдары талибандар Ооганстанды башкарып турушканда аялдарга карата талаптар алда канча катаал болуп, шарыяттан оолак көрүнүштөр да көп орун алган.
Талибандар ошондой эле өкмөттүк кызматтарда иштегендерге жалпы мунапыс жарыялап, жарандарды жумушка кайтууга чакырды.
Кошумчалай кетсек, кыймыл америкалыктар менен кызматташкан оогандарды жазалабасын жана куугунтуктабасын билдирди.
Эске салсак, эки күн мурда талибандар Ооганстандын бүт аймагына, анын ичинде Кабулга жана президенттик сарайга көзөмөл орнотконун жарыялашкан. Президент Ашраф Гани өзү кызматтан кетип, өлкөдөн качып кеткен. “Талибан” Ооганстан Ислам Эмиратынын түзүлгөндүгүн жарыялоого ниеттенүүдө. Бул 1996-2001-жылдары талиптердин көзөмөлүндө болгон жарым-жартылай таанылган мамлекеттин аты болчу.

Комментарий жиберүү