“Талибандын өкүлү”: Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек

“Талибдердин” пресс-катчысы кабардык конференцияда сөз сүйлөп, мындан ары Ооганстанда чет элдиктердин болушун кабыл албай турганын билдирди.

“Дүйнө “Талибанды” кабыл алышы керек. Биз өз жерибизде чет элдиктердин болушун кабыл албайбыз”,-деди талиптердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид.
Маалыматка ылайык, Забихулла Мужахид талип өкмөтүнүн тышкы саясатына арналган пресс-конференциясы учурунда мындай деди: “Дүйнө бизди кабыл алышы керек; Биз эч кимдин үйүнө кол салган жокпуз.”
Забихулла Мужахид талиптер үчүн дүйнө өлкөлөрү менен дипломатиялык карым-катнаштардын маанилүүлүгүнө токтолуп: «Биз дүйнөгө бүт өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди каалайбыз деп айтабыз; Бирок биз диний иштерибизге эч кимдин кийлигишүүсүн кабыл албайбыз”,- деп баса белгиледи.
“Талибандын” өкүлү мындай деп кошумчалады: “Биз өз жерибизде эч кандай күчтү кабыл албайбыз жана эч кимге багынбайбыз”.

Комментарий жиберүү