Түркиядагы өрттүн чыгышына шектүү адам кармалды

Түркияда өткөн аптанын башында башталып, өлкөнүн алты провинциясындагы токойлорду каптаган өрттүн чыгышына шектүү адам кармалды.

Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган айтты.
Ал 1-июлда өрттөн жабыр тарткандар баш калкалап жаткан кризистик борбордон кабар алып, анын алкагында Мугла провинциясында өрткө тиешеси бар деп шектелген бир киши кармалганын билдирди.
“Эгерде бул иш диверсия болсо, күнөөлүүлөрдүү жазалоо – биздин милдетибиз”, – деди өлкө башчысы.
Түркиянын алты провинциясында токойлорду каптаган өрт кеминде алты кишинин өмүрүн алып, 410 адам жабыркады. Бул өлкө тарыхындагы эң чоң кырсык болуп калууда.
Эрдоган жабыр тарткандарга жардам үчүн 50 миллион лира бөлүнгөнүн билдирди.
Буга чейин, Түркиядагы ири өрттү Күрдистан Жумушчулар Партиясы атайылап уюштурган болушу мүмкүн экени маалымдалган.
ЖМКлар бул өрт Түркия Республикасына зыян келтирүү макатында ишке ашырылган болушу мүмкүн экенин жазып чыгышкан.
Түркиянын айыл жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли тилиз жоонун 88 очогу көзөмөлгө алынганын жана дагы он очогунда өрткө каршы күрөш уланып жатканын билдиргенин “Анадолу” агенттиги маалымдады.

Комментарий жиберүү