3-декабрда Ташкенттин борбордук темир жол вокзалында “Түркия-Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан” жаңы темир жол каттамынын ачылышына арналган салтанат болуп өттү.
Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары Түркиядан Өзбекстанга келген алгачкы жүк поездин салтанаттуу тосуп алышты.
“Турмуш-тиричилик техникасы жүктөлгөн 40 вагондон турган жүк поезди Түркия, Иран, Түркмөнстан аймагы аркылуу өтүп, Өзбекстанга келди”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.
Жалпы узундугу 4500 кмден ашкан маршрут чоң потенциалга ээ жана өзбек товарларын экспорттоо үчүн кошумча маршрут болуп саналат.Жаңы маршрутту ишке киргизүү аймактагы транспорттук-коммуникациялык тармактарды жана инфраструктураны эффективдүү пайдаланууга, ошондой эле экспорттолуучу товарларды негизги дүйнөлүк жана региондук рынокторго ташуудагы убакытты жана финансылык чыгымдарды олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет.