Түркия “Талибанга” карата позициясын билдирди

Анкара Ооганстанда бийликти басып алган радикалдуу “Талибан” кыймылынын билдирүүлөрүн оң кабыл алат.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.
 Анын айтымында, түрк бийлиги Ооганстандын экономикалык өнүгүүсүн жана ал жерде тынчтык жана бейпилдикти орнотууну колдоону уланта берет.
“Азыркы учурда, биз талибандардын билдирүүлөрүн позитивдүү кабыл аларыбызды айткыбыз келет. Биз бардык тараптар, анын ичинде талибандар менен диалогду улантуудабыз”, – деди дипломат.
Белгилей кетсек, буга чейин Чавушоглу Анкара Түркиянын Ооганстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү боюнча бардык зарыл чараларды көргөнүн жана Түркиянын Кабулдагы элчилиги өз ишин улантып жатканын билдирген.
Ал ошондой эле учурда кырдаалга жараша аймактан эвакуациялоолор улантыларын белгилеп, Түркия бир гана өз жарандарын эле эмес, башка өлкөлөрдүн жарандарынын  эвакуациясына да жардам берип жатканын тактады.

Комментарий жиберүү