Украинада жакырлардын саны жыл аягына чейин 8 миллионго жетет

2022-жылдын аягына чейин Украинада жакырчылыкта жашагандардын саны 8 миллионго чейин көбөйөт.

Бул тууралуу деп Дүйнөлүк банктын вице-президенти Анна Бьерде билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымына караганда, Украинаны калыбына келтирүү үчүн кеминде 500 миллиард евро талап кылынат.

Ал австриялык Presse гезитине берген маегинде бул согуштун гуманитардык кесепеттерин “катастрофалык” деп атап, калк арасында жакырчылыктын деңгээли 2%дан 25%га чейин өсүп жатканын белгилеген.

Октябрь айында ал банктын эсептөөлөрү боюнча Украинанын экономикасы быйыл 35% төмөндөй турганын айткан.

Эске салсак, жакында эле Дүйнөлүк банктын башчысы Дэвид Мэлпас Украинаны калыбына келтирүүгө кеткен чыгым 350 миллиард доллардан ашат деп баалаган.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк банк Украинага 18 миллиард доллар бөлгөн.

Комментарий жиберүү