Украина канча аскерин жоготту?

  Президент Зеленскийдин кеңсеси согушта 13 миңдей адам өлгөнүн билдирди.

Россиянын аскердик операциясынан кийин Украина 10 миңден 13 миңге чейинки аскерин жоготту. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди.

Подоляк президент Зеленскийдин маалыматтары боюнча айтканын билдирүүдө, бирок Зеленский мындай маалыматтарды ачык айткан эмес.

Бул расмий бийликтин  жоготуулар 10 миңден ашканы тууралуу алгачкы маалыматы. 30-ноябрда президенттин кеңсесинин кеңешчиси Алексей Арестович блогер Марк Фейгиндин YouTube-каналына курган маегинде өлгөндөрдүн саны 10 миңден 20 миңге чейин жетерин айткан.

Апта башында Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен украин армиясы 100 миңге чейин адамын жоготконун билдирген. Кийинчерээк анын кеңсеси ката кетиргенин маалымдап, сөз набыт болгондор жана жарадарлар тууралуу болгонун билдирди. Кийинчерээк ушундай эле сандар Пентагондо да айтылды.

Россиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта набыт кеткен орус аскерлеринин саны 5937ге жеткенин билдирген. 10-ноябрда Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңге жеткенин маалымдаган.

Комментарий жиберүү