Экологиялык катастрофа: Кувейтте дүйнөдөгү эң чоң таштанды жай өрттөнүп жатат

Кувейтте унаа дөңгөлөктөрү төгүлгөн дүйнөдөгү эң чоң таштанды таштоочу жай өрттөнүп жатат.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Күбөлөрдүн айтымында, күйүп жаткан таштандылардын үстүнөн уулуу кара түтүн көтөрүлүп жатканын алыстан көрүүгө болот.
Эгерде өрт тез арада өчүрүлбөсө, бул окуя дүйнөлүк экологиялык катастрофага алып келет.
Маалыматта таштанды таштоочу жайда 52 миллионго жакын унаа дөңгөлөктөрү бар экени баса белгиленген. Таштанды төгүлгөн жай биз элестеткенден дагы чоң жана мейкиндиктен да көрүнүп турат.
Өрттүн себептери азырынча айтыла элек.

Комментарий жиберүү