Кытай 16 спутникти космоско учурду

Кытай 16 спутникти космоско учурду

Бул учуруу 432- ийгиликтүү космостук миссия болду. Кытай жерди жана атмосфераны байкоо спутниктеринен турган 16 спутникти космоско жөнөттү. Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, «Жилин-1 Гоафен 03Д09» жана «Юняо-1 04-08» спутниктери камтылган спутник тобу Шанси провинциясындагы Тайюэн спутник борборунан «Лонг Марш-6» ташуучу ракетасы менен учурулду. Спутниктердин учурулгандан кийин пландалган орбиталык позицияга жайгашкандыгы билдирилди. Бул учуруу “Лонг Март” ракеталары менен ишке ашырылган 432- ийгиликтүү космостук миссия болду.

Прочитайте больше

Нур-Султанда Борбор Азиядагы эң чоң мечит ачылды. Сүрөт

Нур-Султанда Борбор Азиядагы эң чоң мечит ачылды. Сүрөт

Бүгүн Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында республикадагы жана Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги маалымдады. Жаңы мечит Кабанбай баатыр жана Мангилик Эл проспектилеринин ортосунда, Хусейн бин Талал көчөсүнө жакын жерде жайгашкан. Көк түстө жасалган башкы куполдун бийиктиги дээрлик 83,2 метрди, диаметри 62 метрди түздү. Мечиттин төрт мунарасынын бийиктиги 130 метрге чейин жетет. Ар бир мунара беш бөлүктөн турат, алар исламдын беш түркүгүн – ыйман, намаз, орозо, зекет жана ажылыкты билдирет….

Прочитайте больше