Ислам тарыхындагы алгачкы азанчылар

Ислам тарыхындагы алгачкы азанчылар

Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок экендигин жана Мухаммед пайгамбарыбыз Аллахтын кулу, элчиси экендигин жарыялоодон, ошондой эле беш маал намазга чакыруудан өткөн жакшы иш барбы? Эки дүйнөлүк мындай сыймыктуу милдетти азанчылар аркалап, Жараткандын ыраазычылыгына жетишет. Бул макалада Ислам дүйнөсүнүн алгачкы азанчылары менен тааныштырабыз. БИЛАЛ ХАБАШИ (р.а) – Ислам тарыхындагы биринчи азанчы. Ал кара терилүү кул болгон. Билал (р.а) Исламды кабыл алгандан кийин кожоюну аны динден чыгаруу үчүн кыйнап баштаган. Ошондо Абу Бакр (р.а) акча төлөп, аны…

Прочитайте больше

Момундардын энеси Умм Саляма тууралуу кызыктуу 10 факт

Момундардын энеси Умм Саляма тууралуу кызыктуу 10 факт

Аруу энелерибиз тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшүүнү улантабыз. Бул жолу пайгамбарыбыздын ﷺ сабырдуу жана акылдуу жубайы азирети Умму Саляма Хинд жөнүндө айтып беребиз. 1. Умм Саляма Бани Махзуум уруусунан биринчи мусулман болгон аял эле. Күйөөсү азирети Абу Саляма (р.а) менен бирге пайгамбарыбыздын ﷺ алдында Ислам динин кабыл алып, сыймыкка бөлөнүшкөн. 2. Исламды эркин карманыш үчүн Умм Саляма (р.а) күйөөсү менен Эфиопияга, андан кийин Мединага жер которушкан. Бул үй-бүлө күчтүү ыйманы, ынтымактуулугу менен көптөгөн кыйынчылыктарды жеңген….

Прочитайте больше

Карызга байланыштуу 9 адеп

Карызга байланыштуу 9 адеп

Карыз – бул аманаттын бир түрү. Аллах момундарга буйруйт: “Акыйкатта, Аллах силерге тапшырылган аманатты анын ээсине тапшырууну буйрук кылат…” (Куран, 4:58). Аманатка жоопкерчиликтүү мамиле кылганы үчүн момундар Жараткандын каалоосу менен бул дүйнөдө да, акыретте да соопко (сыйлыкка) ээ болушат. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: Карыздан сактангыла! Карыз бул – түн ичиндеги кайгы-муңдун, күндүзгү убактагы кор болуунун себеби”. Ошондуктан мусулман карыз алууга жана берүүгө олуттуу мамиле кылыш керек. КАРЫЗ БЕРҮҮЧҮГӨ ЭСКЕРТҮҮ: 1. Жакшы ниет менен карыз берүү Аллахтын…

Прочитайте больше

Иранда сел жүрдү

Иранда сел жүрдү

Селде каза болгондордун саны 90го жетти. Иранда борбор шаар Тегеран жана өлкөнүн чоң бөлүгүн таасири астына алган жамгырдан улам сел жүрүп, селде каза болгондордун саны 14 сөөктүн дагы табылышы менен 90го жетти.  Иран Кызылайынын төрагасы Пир Хүсейин Куливенд Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАга берген билдирүүсүндө сел апаатында каза болгондордун саны 90го жеткендигин, 8 кишинин дагы деле дайынсыз экендигин белгиледи.  Иран расмий булактарына караганда сел болгон 24 аймакта издөө  –  куткаруу иштери менен бирге селден жабыр тарткандарга…

Прочитайте больше

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны өтөт

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны өтөт

Араб координациялык тобунун кезектеги жыйыны бүгүн, 3-августта, Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул иш-чара араб финансы институттарынын өкүлдөрүнүн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн экономикалык блогунун өкүлдөрү менен төртүнчү жолугушуусу болот. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Араб координациянын тобунун курамында Ислам өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, араб экономикалык өнүгүүсү Кувейт Фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду бар. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орунбасары Адылбек Касымалиев баштаган аткаминерлер жана ишкер чөрөнүн өкүлдөрү катышышат. Араб…

Прочитайте больше

Шольц газ куурунун турбинасын алып кетүүнү Орусия өзү кечеңдетип жатканын айтты

Шольц газ куурунун турбинасын алып кетүүнү Орусия өзү кечеңдетип жатканын айтты

Германиянын канцлери Олаф Шольц “Түндүк агым-1” куурунун турбинасын алып кетүүнү Орусия өзү атайылап кечеңдетип жатканын билдирди. Анын айтымында, Москва аны ташууга зарыл болчу документтерди берүүдөн баш тартып жатат. “Муну жеткирбей коюуга эч кандай негиз жок. Алар болгону турбинаны алып кеткиси келерин айтып, Орусияга алып кетүү үчүн керектүү бажы документтерин гана көрсөтүшү керек эле”, – деди Шольц 3-августта турбинанын жанында туруп жасаган билдирүүсүндө. Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы 27-июлдан тартып “Түндүк агым-1” кууру менен Германияга берилген газдын…

Прочитайте больше

Нэнси Пелоси Кытайдын коркутууларына карабай Тайванга барды. Видео

Нэнси Пелоси Кытайдын коркутууларына карабай Тайванга барды. Видео

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытай бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай Тайвандын борбору Тайбэй шаарына барды. Пелоси акыркы 25 жылда аралга сапары менен келген америкалык эң жогорку даражалуу аткаминер болуп калды. Буга чейин Кытайдын коргоо министрлигинин расмий өкүлү Тань Кэфэй Пелосинин Тайванга сапары “Бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен. Ал кытай армиясы муну жөн  карап турбасын айтып, тышкы кийлигишүүнү токтотуу үчүн чаралар көрүлөрүн билдирген. Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь “Тайвань Кытай аймагынын ажырагыс бөлүгү” экенин…

Прочитайте больше

Тайван согушка даярдык деңгээлин жогорулатты

Тайван согушка даярдык деңгээлин жогорулатты

Кытай АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайбэйге барган учурда аскердик машыгууларды өткөрөрүн жарыялагандан кийин Тайвандын бийлиги согушка даярдык деңгээлин жогорулатты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин Тайванга барышы мамлекеттин суверенитетин бузуу катары бааланарын жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Америкалык делегация учуп келердин алдында Кытайдын куралдуу күчтөрү Тайванга жакын жерде аскердик машыгууларды баштаган. Кечээ кечинде Кытай армиясы Тайвандын айланасындагы алты деңиз районунда төрт күндүк машыгууларды өткөрөрүн жарыялады….

Прочитайте больше