Нэнси Пелоси Кытайдын коркутууларына карабай Тайванга барды. Видео

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытай бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай Тайвандын борбору Тайбэй шаарына барды.

Пелоси акыркы 25 жылда аралга сапары менен келген америкалык эң жогорку даражалуу аткаминер болуп калды.

Буга чейин Кытайдын коргоо министрлигинин расмий өкүлү Тань Кэфэй Пелосинин Тайванга сапары “Бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен.

Ал кытай армиясы муну жөн  карап турбасын айтып, тышкы кийлигишүүнү токтотуу үчүн чаралар көрүлөрүн билдирген.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь “Тайвань Кытай аймагынын ажырагыс бөлүгү” экенин айтып, аймактык бүтүндүк маселеси “кызыл сызык” болуп саналарын билдирди.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин сапарын провокация деп атап, Кытай өз суверенитетин коргоо үчүн чараларды көрүүгө укуктуу экенин билдирди.

Ал арада Пекин аскерлерин чек арасына топтоп, Тайвандын аба мейкиндигинин айланасында аскердик машыгууларды өткөрүүдө.

Кытайдын Коргоо министрлиги машыгуулар “Кытайдын улуттук суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө коргоого” багытталганын билдирди.

Машыгуулар Пелоси келгенден көп өтпөй башталып, 6-августка чейин уланат.

Нэнси Пелоси бүгүн Тайвандын администрация башчысы Цай Инвэн менен жолугушуусу жана  парламентке баруусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Пекин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карайт.

Комментарий жиберүү