Талибдер кайрадан Тажикстанды бир жумада басып алууга кудурети жетерин айтышты

Талибдер кайрадан Тажикстанды бир жумада басып алууга кудурети жетерин айтышты

Эгер Душанбе Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүнү токтотпосо, талибдер Тажикстанды бир жуманын ичинде басып алышы мүмкүн. Бул тууралуу “Талибан” кыймылынын жогорку даражадагы командирлеринин бири мулла Мохаммад Жан Хамза билдиргенин “Хашт-е собх” ооган гезити жазды. Маалыматка караганда, талибдердин “Омари” корпусунун командиринин орун басары, “Мулла Жан” деген ысым менен белгилүү мулла Мохаммад Жан Хамза мындай билдирүүнү Тохар провинциясында “Талибан” өкмөтүнүн министрлеринин бири менен жолукканда айткан. Ооганстандын Тохар провинциясы Тажикстандын Хатлон облусу менен чектешет. Хамза: “Тажикстан Ооганстандын ички ишине кийлигишүүнү токтотпосо…

Прочитайте больше

Кыргызстан «Бирдиктүү Кытай» саясатын колдойт. ТИМ Тайван боюнча үн катты

Кыргызстан «Бирдиктүү Кытай» саясатын колдойт. ТИМ Тайван боюнча үн катты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Кабар» агенттигине Тайвандагы акыркы кырдаалга байланыштуу комментарий берди. Белгилей кетсек, 2-3-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барган. Бул сапар Тайвань аралындагы кырдаалды курчутту. «Кабар» агенттиги Тайвань маселеси боюнча Кыргызстандын так позициясын билүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, КР ТИМ Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга кылдаттык түрдө көз салууда, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада төмөндөшүнө, тынчтыкка жана…

Прочитайте больше

Японияда катуу жамгырдан улам 10 миңдеген адамдар жай которушууда

Японияда катуу жамгырдан улам 10 миңдеген адамдар жай которушууда

Япониянын алты префектурасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу каптоо жана жер көчкү коркунучу жаралып, 107 миңден ашуун киши убактылуу жер которууга мажбур болууда. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды. Япониянын Хонсю аралынын түндүгүндө, түндүк-батышында жана түндүк-чыгышында нөшөрлөгөн жамгыр уланууда. Жамгырдын ылдамдыгы айрым аймактарда 161 мм/саатка жетүүдө. Өлкө бийлиги Хонсю аралынын жашоочуларына үйлөрдөн чыгып, эвакуациялоо борборлоруна көчүү буйругун берди. Бул жерлерде жаандан улам бир нече дарыялар жээгинен ашып кеткен. Бул аймактарда коркунучтун эң жогорку деңгээли байкалып жаткандыктан, бешинчи деңгээлдеги…

Прочитайте больше

Кытай Тайванга жакын сууларга баллистикалык ракеталарды учурду

Кытай Тайванга жакын сууларга баллистикалык ракеталарды учурду

Кытайдын армиясы Тайвань булуңундагы машыгуулар учурунда бир нече баллистикалык ракеталарды учурду. Бул тууралуу Тайвандын борбордук маалымат агенттиги жергиликтүү коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдиргенин РИА Новости жазды. “Болжол менен саат 13:56да (Москва убактысы менен 08:56) Кытайдын Коммунисттик партиясы Тайвандын түндүк-чыгышындагы жана түштүк-батышындагы сууларга Дунфэн сериясындагы бир нече баллистикалык ракеталарды учурду”, – деп айтылат билдирүүдө. Бир күн мурун Кытайдын мамлекеттик Global Times гезити өлкө армиясы Тайван булуңу аркылуу узак аралыкка учуучу согуштук артиллерияны жана DF-17 (Дунфэн-17)…

Прочитайте больше

Армения менен Азербайжандын ортосунда кайрадан ок атылды

Армения менен Азербайжандын ортосунда кайрадан ок атылды

Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан абал курчуду. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышууда. Арменирянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын армиясы Тоолуу Карабак чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча үч тараптуу келишимдерди бузганын билдирүүдө. Ал эми Азербайжан Тоолуу Карабах жаткан ок атылгандыктан атайын операция жүргүзүп, анын натыйжасында Карабахтагы бийиктиктерди анын ичинде Гырхгыз жана Сарыбабаны көзөмөлгө алганын жарыялады. Тоолуу Карабах бийлигинин маалыматына караганда, Лачын аймагындагы райондо аскердик кагылышууда эки армениялык аскер көз жумган  жана дагы 14 жоокер жаракат…

Прочитайте больше