Түркиянын учкучсуз учагы Сириянын түндүгүнө кол салууда

Түркиянын учкучсуз учагы Сириянын түндүгүнө кол салууда

“Аль-Маядин” телеканалы Түркиянын пилотсуз учактарынын Сириядагы “Тал Рифатка” кол салуусунан он бир киши каза жана жарадар болгонун кабарлады. Fars агенттигинин эл аралык тобунун кабарына ылайык, “Аль-Маядин” каналы бүгүн (шаршемби) түркиялык учкучсуз учак Алеппонун түндүк рифиндеги “Тал Рифатка” кол салганын кабарлады. Бул маалыматка караганда, бул кол салуудан эки адам каза болуп, дагы тогуз киши жарадар болуп, Тал Рифат базарына көптөгөн материалдык зыян келтирилген. Сирия телеканалы да Түркиянын артиллериялык чабуулунан кийин Риф Хаскедеги Тал Тамрдын “Тал ал-Лабан”…

Прочитайте больше

Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларынын даярдыгын жогорулатат

Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларынын даярдыгын жогорулатат

Россия Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларынын кагылыштарга даярдыгын жогорулатат. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды. “Россия мүмкүн болуучу ар кандай кризистик кырдаалдарга даяр туруш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларыбыздын жана башка күчтөрдүн даярдыгын жогорулатып жатат”, – деди Шойгу ШКУ өлкөлөрүнүн аскердик ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесинде. Анын айтымында, Ооганстанда “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” сыяктуу эл аралык террордук уюмдардын активдешип жатканы Борбор Азиянын коопсуздугуна олуттуу чакырык бойдон калууда. “Ооганстанда уланып…

Прочитайте больше

Польшанын президенти “Түндүк агым – 2” газ куурун алып салууну колдоду

Польшанын президенти “Түндүк агым – 2” газ куурун алып салууну колдоду

Шейшемби күнү украин президенти Владимир Зленскийдин чакыруусу менен Киевге барган Польшанын президенти Анжей Дуда Орусиянын “Түндүк агым – 2” газ куурун алып салууну (демонтаждоону) колдоду. “Орусия Украинага каршы согушуп, Украинанын мыйзамдуу, эл аралык таанылган чек араларын, анын аймактарына кол салып, оккупациялап жатканда Орусия менен адаттагыдай бизнеске кайтуу жок. Батыштагы саясаттын өзгөрүшү – “Түндүк агым-2″ газ куурун жөн эле толук токтотуу эмес, аны жок кылып жана демонтаждоо”, – деген Дуданын сөзүн “Азаттыктын” украин кызматы жазды. Ал…

Прочитайте больше

Улуу Британияда 70 млн. долларлык жашылча-жемиш талаада калды

Улуу Британияда 70 млн. долларлык жашылча-жемиш талаада калды

Улуу Британиянын фермерлери 70 миллион долларлык жашылча-жемиштерди талаага таштоого мажбур болушту. Фермерлер түшүм жыйноого кошумча күч тарта алышпагандыктан, миллиондогон фунт стерлинг көлөмүндөгү жетилген жашылчалар, мөмө-жемиштер жыйналбай талаада кала берди. Бул тууралуу EastFruit платформасы жазып чыкты. Фермерлердин улуттук биримдигинин ((NFU) сурамжылоосуна ылайык, айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр быйылкы жарым жыл ичинде 22 миллион фунт стерлинг (27 миллион доллар) мөмө-жемиш жана жашылчаны талаага ташташканын Fruit-inform жазып чыккан. Сурамжылоо багбанчылыктын үч секторун камтыган, демек коромжуга учураган түшүмдүн жалпы көлөмү…

Прочитайте больше

Түркия менен Сирия презденттери Өзбекстанда жолугушуусу мүмкүн

Түркия менен Сирия презденттери Өзбекстанда жолугушуусу мүмкүн

Россия президенти Владимир Путин түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганды 15-16-сентябрда Самаркандда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине чакырды. Путин саммитке Сирия президенти Башар Асадды да чакырган. Tasnim агенттиги билдиргендей, Эрдоган менен Асад Өзбекстанда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү ыктымал. Жакын арада түркиялык “Ватан” партиясынын жетекчиси Догу Перинчек Сирияга барып, Асад менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Перинчек менен бирге түрк делегациясынын курамында бир нече мурдагы министрлер жана түрк дипломатиясынын ардагерлери болот. Басылма түрк делегациясы 12 орунду атайын учак менен жеткирилери, бул түрк аэропортунан Сириянын…

Прочитайте больше

Сионисттик сот палестиналык туткундун бошотуу өтүнүчүн дагы бир жолу четке какты

Сионисттик сот палестиналык туткундун бошотуу өтүнүчүн дагы бир жолу четке какты

 Сионисттик режимдин Жогорку соту узак убакыттан бери ачкачылык кармап жаткан палестиналык туткун Халил Авадени бошотуу өтүнүчүн дагы бир жолу четке какты.  Аль-Алам – оккупацияланган Палестина: Сионисттик режимдин Жогорку соту ачкачылык кармап жаткан палестиналык туткун “Халил Аваденин” бошотулушу талабын дагы бир жолу четке какты. Аль-Манар каналы акыркы кабарында сионисттик режимдин Жогорку соту Авадени бошотуу талабына каршы чыкканын билдирди. Хеброндогу “Азна” конушунун тургуну Халил Авада убактылуу же административдик камоого каршы 160 күндөн ашык ачкачылык жарыялады. Алгач ал…

Прочитайте больше