Ооганстандын чыгышында суу ташкынынан кеминде 22 адам каза болду

Ооганстандын чыгышында суу ташкынынан кеминде 22 адам каза болду

Ооганстандын чыгышында катуу жааган жаандан улам суу ташкыны болуп, бери дегенде 22 адам каза таап, дагы 80 киши жаракат алды. Суу үйлөрдү, мал – жандыкты агызып, айыл чарба жерлерин жууп кеткенин расмий өкүлдөр жана жергиликтүү тургундар 21-августта билдирди. Ооганстандын борбору Кабулдун түштүгүндөгү Логар провинциясынын Хуши району эң көп жабыркады. “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн өкүлдөрү суу ташкыны Майдан Вардак, Газни, Нангархар жана Лагман провинцияларында да катталганын, каза болгондордун саны 22 кишиге жеткенин билдирди. Бирок…

Прочитайте больше

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Ханга террорчулук боюнча айып тагылды

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Ханга террорчулук боюнча айып тагылды

Пакистандын полициясы мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга террорчулук боюнча айып такты. Бул тууралуу 22-августта мамлекеттик маалымат агенттиктери кабарлады. Мурдараак полиция Хандын жардамчысы Шахбаз Гиллди мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, камакка алган. Гилл нааразылык акцияларында аскерлерди жана офицерлерди бийликке баш ийбөөгө чакырган. Буга байланыштуу сөздөрүндө Имран Хан жардамчысы камакта кыйноого алынып жатканын билдирип, полицияны жана судьяны сотко берерин айтып чыккан. Бийлик мындан кийин анын YouTube каналын бөгөттөгөн. Экс-премьер-министрдин тарапташтары бир нече күндөн бери анын үйүн кайтарууга алып, Ханды…

Прочитайте больше

Германиянын канцлери Шольцтун рейтинги рекорддук деңгээлге түштү

Германиянын канцлери Шольцтун рейтинги рекорддук деңгээлге түштү

Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Бундестагдагы башкаруучу коалициянын рейтинги 2021-жылдын декабрынан бери эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бул тууралуу Deutsche Welle (DW) басылмасы Insa социологиялык институтунун сурамжылоосуна шилтеме берип жазды. 21-августта жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Германияда калктын дээрлик үчтөн экиси – 62% Олаф Шольцтун ишине канааттанбайт. Бул март айындагы сурамжылоого салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз. Анда канцлердин ишине элдин 46% оң баа берген. Башкаруучу коалициянын рейтинги да рекорддук деңгээлге түштү. Респонденттердин 65% өкмөттүн ишине нааразы болгон….

Прочитайте больше

Кытайда кургакчылык: Дүйнөдөгү үчүнчү чоң дарыя Янцзы соолуп баратат

Кытайда кургакчылык: Дүйнөдөгү үчүнчү чоң дарыя Янцзы соолуп баратат

Бул жылы Кытайдагы кургакчылык өлкөдөгү кээ бир дарыялардын, анын ичинде Янцзы дарыясынын айрым бөлүктөрүнүн соолушуна алып келди. Бул тууралуу The Guardian жазды. Маалыматка ылайык, Янцзы дарыясынын кургашы гидроэлектр станцияларына таасирин тийгизип, жүк ташууну токтотуп, ири компанияларды ишин токтотууга мажбур кылды. 19-августта Кытайда кургакчылык боюнча жалпы эскертүү берилип, өлкөнүн калк жыш жайгашкан түштүк-батышында узакка созулган жана катуу аптап сентябрь айында да уланары айтылган. Кытайдын эбегейсиз чоң ГЭСине суунун агымынын токтошу энергиянын 80%дан ашыгы гидроэнергетикадан алган Сычуань…

Прочитайте больше