Ооганстандын чыгышында суу ташкынынан кеминде 22 адам каза болду

Ооганстандын чыгышында катуу жааган жаандан улам суу ташкыны болуп, бери дегенде 22 адам каза таап, дагы 80 киши жаракат алды. Суу үйлөрдү, мал – жандыкты агызып, айыл чарба жерлерин жууп кеткенин расмий өкүлдөр жана жергиликтүү тургундар 21-августта билдирди.

Ооганстандын борбору Кабулдун түштүгүндөгү Логар провинциясынын Хуши району эң көп жабыркады.

“Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн өкүлдөрү суу ташкыны Майдан Вардак, Газни, Нангархар жана Лагман провинцияларында да катталганын, каза болгондордун саны 22 кишиге жеткенин билдирди.

Бирок Логар провинциясынын Табигый кырсыктарды башкаруу министрлигинин башчысы Абдулла Муфакердин айтымында, канча адам набыт болгону азырынча белгисиз. Өткөн аптада нөшөрлөп жааган жаандан улам сел каптап, Ооганстандын түндүгүндө кеминде 31 адам каза болгон, ондогон адам дайынсыз жоголгон.

Комментарий жиберүү