Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларын баштады

Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларын баштады

АКШнын делегациясы Тайванга келип кеткенден кийин Кытай аралдын айланасындагы алты акваторияда ок атуу менен аскердик машыгууларды баштады. The Guardian басылмасы жазгандай, машыгуу өтүп жаткан айрым жерлер Тайвандын аймагына кирген суу зоналары менен кесилишет жана айрым деңиз портторуна жакын турат. Тайвандын атын атоодон карманган аткаминеринин айтымында, Кытайдын аскердик-деңиз күчтөрүнүн ондогон кемеси өлкөлөрдүн аймагын бөлгөн линияны кесип өтүштү. Мындан сырткары линиядан кытай аскердик учактары да өтүп, Тайвандын бийлигин ракеталык системаларын даярдыкка келтирүүгө мажбур кылды. The Guardian “Тайвандын…

Прочитайте больше

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданды

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданды

4-августта Австриянын борбору Венада Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Иран менен дүйнөлүк державалардын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы раунду башталды. Бул – мартта сүйлөшүүлөр токтоп калгандан берки биринчи жолугушуу. Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани кайрадан Венага кайтып барганын 3-августта кабарлаган. АКШнын Иран боюнча атайын чабарманы Роберт Малли да Австрияга баратканын билдирип, “Кошмо Штаттары келишим түзүүгө даяр экенин, Тегеран ага даярбы, даяр эмеспи жакын арада билине турганын” айткан. 2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана…

Прочитайте больше

Өзбекстан менен Тажикстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүдө

Өзбекстан менен Тажикстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүдө

Термезде Өзбекстан менен Тажикстандын биргелешкен “Шериктештик-2022” аскердик машыгуулары башталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 4-августта машыгуулардын ачылыш аземи болуп, анда Өзбекстандын Түштүк-Батыш атайын аскер округунун командачысы, генерал-майор Зайнобиддин Иминов жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары, генерал-майор Эгамзод Шароф Худойберди сөз сүйлөштү. Алар эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда достук биргелешкен машыгууларды өткөрүү мамлекеттердин ортосундагы достук байланыштарды дагы да чыңдарын баса белгилешти. Салтанаттан кийин эки өлкөнүн аскерлери Термез полигонунда демонстрациялык…

Прочитайте больше

Кытай менен Өзбекстан жылдык товар жүгүртүүнү $10 млрд.га жеткирүүнү көздөөдө

Кытай менен Өзбекстан жылдык товар жүгүртүүнү $10 млрд.га жеткирүүнү көздөөдө

Кытай менен Өзбекстан КЭРдин Мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министри Ван Инин Ташкентке иш сапары учурунда эки тараптуу мамилени жогорку деңгээлге көтөрүү боюнча бир катар келишимдерге жетишти. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, эки тарап дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кытай-өзбек жамааттарынын биргелешкен аракеттери үчүн жаңы дем берүүчү жалпы келечеги бар күч катары кабыл алат жана стратегиялык өнөктөштүккө жол ачарын айтты Ван журналисттерге. “Тараптар Өнүгүүнүн глобалдык демилгесин алга жылдыруу жана Коопсуздук боюнча глобалдык демилгени, ошондой эле…

Прочитайте больше

Исландиядагы вулкандык атылуунун таасири

Исландиядагы вулкандык атылуунун таасири

Түн ичинде аймакта 400гө жакын жер титирөө болгону кабарланды. Исландиядагы Фаградальсфьял тоосунун жанындагы кечээки вулкандык атылуунун таасири уланууда. Баш калаа Рейкьявиктен 32 километр алыстыктагы ​​жанар тоонун атылышынын натыйжасында чоң лава агымы пайда болду. Түтүн борбор калаанын бардык бурчунан көрүнүп турду. Түн ичинде аймакта 400гө жакын жер титирөө болгону кабарланды. Исландиянын коопсуздук кызматтары тарабынан жанар тоо атылган аймактын айланасында көрүлгөн чаралардын алкагында туристтердин кызыгуусун жараткан аймакка жакындашына уруксат берилбей эле. Коомчулук жаңы жер титирөөлөр жана вулкандык атылуулар…

Прочитайте больше