Кытай Тайвандын айланасында аскердик машыгууларын баштады

АКШнын делегациясы Тайванга келип кеткенден кийин Кытай аралдын айланасындагы алты акваторияда ок атуу менен аскердик машыгууларды баштады. The Guardian басылмасы жазгандай, машыгуу өтүп жаткан айрым жерлер Тайвандын аймагына кирген суу зоналары менен кесилишет жана айрым деңиз портторуна жакын турат.

Тайвандын атын атоодон карманган аткаминеринин айтымында, Кытайдын аскердик-деңиз күчтөрүнүн ондогон кемеси өлкөлөрдүн аймагын бөлгөн линияны кесип өтүштү. Мындан сырткары линиядан кытай аскердик учактары да өтүп, Тайвандын бийлигин ракеталык системаларын даярдыкка келтирүүгө мажбур кылды. The Guardian “Тайвандын аскерлери согушка уктулбаган абалда согушка даярданып жатат” деп жазды.

Бейшемби күнү Кытай аскердик машыгуунун алкагында Тайван кысыгында “конкреттүү жерлерге сокку” урганын, “күтүлгөн жыйынтыктарга жеткенин” маалымдады. 4-августта башталган машыгуу 7-августка чейин уланат.

Тайвандын бийлиги машыгуу алгачкы күнү эле жарандык авиациянын 18 каттамына таасир эткенин маалымдады. Калган үч күндө дагы 900дөй учууга чектөө киргизилет. Вьетнам басылмалары билдиргендей, машыгуудан улам Vietnam Airlines авиакомпаниясы 36 каттамын жана VietJet авиакомпаниясы 82 каттамын өзгөртүүгө аргасыз болгон.

Кытайдын бийлигинин эскертүүлөрүнө карабай, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган делегация 2-августта Тайванга келди. 3-августта ал анда Тайвандын президенти Цай Инвэнь жана өлкөнүн парламент депутаттары менен жолукту. Мындан кийин Кытай төрт күндүк машыгуу өткөрөрүн жарыялаган.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пелосинин ыктымал сапарын өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Америкалык делегация келгенден кийин да кытай аткаминерлери кескин билдирүүлөр менен чыгып жатат.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алуусуна каршы чыгып келет.

Комментарий жиберүү