Өзбекстан менен Тажикстан биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүдө

Термезде Өзбекстан менен Тажикстандын биргелешкен “Шериктештик-2022” аскердик машыгуулары башталды.

Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

4-августта машыгуулардын ачылыш аземи болуп, анда Өзбекстандын Түштүк-Батыш атайын аскер округунун командачысы, генерал-майор Зайнобиддин Иминов жана Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары, генерал-майор Эгамзод Шароф Худойберди сөз сүйлөштү.

Алар эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда достук биргелешкен машыгууларды өткөрүү мамлекеттердин ортосундагы достук байланыштарды дагы да чыңдарын баса белгилешти.

Салтанаттан кийин эки өлкөнүн аскерлери Термез полигонунда демонстрациялык машыгуулар уюштурулду.

Машыгуулар кармаштын ыкмалары, жарадарларды эвакуациялоо жана душмандын чабуулунун мизин кайтаруу техникалары боюнча өтөт.

Ошондой эле эки өлкөнүн аскерлери спорттук мелдештер да уюштурулат.

Комментарий жиберүү