Сауд Аравия Өзбекстанга дүйнөдөгү эң чоң шамал электр станциясын курат

Сауд Аравия Өзбекстанга дүйнөдөгү эң чоң шамал электр станциясын курат

Өзбекстан менен Сауд Аравиянын Энергетика министрлиги жана компаниялары жалпы баасы 12 миллиард долларды түзгөн үч ири кызматташуу келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Келишимдерге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Сауд Аравияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду. “Макулдашуулар эки өлкөнүн ортосундагы отун-энергетикалык комплекс тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аянтча болуп берет. Тактап айтканда, Өзбекстандын жашыл суутек секторун өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташуу, анын ичинде Сауд Аравия тараптан инвестиция тартуу каралууда”, –…

Прочитайте больше

Львовдо Эрдоган, Зеленский жана Гутерриш эмне тууралуу сүйлөштү?

Львовдо Эрдоган, Зеленский жана Гутерриш эмне тууралуу сүйлөштү?

Кечээ, 18-августта Украинанын Львов шаарында өлкөнүн президенти Владимир Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды. Маалыматка караганда, 40 мүнөткө созулган сүйлөшүүлөр Потоцкий сарайында, жабык эшик артында өттү. Жолугушууга Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Хакан Фидан жана президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Эрдоган Анкара «Украина тарапта» экенин билдирип, Түркия – НАТОнун башка мүчөлөрүнөн айырмаланып, Россия менен…

Прочитайте больше

Кытай бийлиги бойдон алдырууга тыюу салды

Кытай бийлиги бойдон алдырууга тыюу салды

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы өлкөдө төрөттүн саны тездик менен төмөндөп жаткандыктан, аялдарга бойдон алдырууга жарым-жартылай тыюу салганын жарыялады. Активисттер менен укук коргоочулар мындай чектөө миллиондогон аялдарга зыян келтирерин айтышууда. Акыркы он жылдыкта калктын тез өсүшүн кармап калуу үчүн күрөшүп келген Кытайда акыркы жылдарда төрөттүн көрсөткүчү болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге жетти. Өлкө калкы улгайып баратат жана өкмөт бул тенденцияны жокко чыгаруу үчүн кескин чараларды көрө баштады. Кытайдын Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин сунушуна ылайык, эми өлкөдө…

Прочитайте больше

Синдзо Абэнин мамлекеттик деңгээлдеги тажыясына 6000дей адам катышат

Синдзо Абэнин мамлекеттик деңгээлдеги тажыясына 6000дей адам катышат

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда кол салуудан улам каза болгон Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин мамлекеттик денгээлдеги тажыясына 6 миңдей адам, анын ичинде чет элдик делегациялардын жүздөгөн мүчөлөрү катышат. Бул тууралуу Nikkei Asia басылмасы жазды. Тажыяга Франциянын президенти Эммануэль Макрон, АКШнын вице-президенти Камала Харрис, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су, Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель жана Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах келери күтүлүүдө. Токиого келе турган чет элдик саясатчылардын так тизмеси сентябрдын…

Прочитайте больше