Кытай бийлиги бойдон алдырууга тыюу салды

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы өлкөдө төрөттүн саны тездик менен төмөндөп жаткандыктан, аялдарга бойдон алдырууга жарым-жартылай тыюу салганын жарыялады.

Активисттер менен укук коргоочулар мындай чектөө миллиондогон аялдарга зыян келтирерин айтышууда.

Акыркы он жылдыкта калктын тез өсүшүн кармап калуу үчүн күрөшүп келген Кытайда акыркы жылдарда төрөттүн көрсөткүчү болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге жетти. Өлкө калкы улгайып баратат жана өкмөт бул тенденцияны жокко чыгаруу үчүн кескин чараларды көрө баштады.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин сунушуна ылайык, эми өлкөдө кош бойлуулукту медициналык себептерден улам гана токтотуу мүмкүн болот.

Кытай бийлиги ошондой эле энелерге социалдык жардам көрсөтүүнү жана тукумсуздукту дарылоону жеткиликтүү кылууга убада берүүдө.

Өлкөнүн Улуттук комиссиясы жаңы көрүлүп жаткан чара “калктын узак мөөнөттүү тең салмактуу өсүүсүнө” шарт түзөт деп эсептейт.

Белгилей кетсек, КЭРде төрөттүн көрсөткүчү быйыл болуп көрбөгөндөй эң төмөн деңгээлге түшүп, 10 миллиондон аз ымыркай төрөлөрү болжолдонууда (өткөн жылы Кытайда 10,6 миллион ымыркай төрөлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 11,5%га аз).

БУУнун маалыматы боюнча, 2023-жылы Индия калкынын саны боюнча Кытайды басып өтүп, дүйнөдөгү калкы эң көп өлкө болушу күтүлүүдө.

Гутмахер институтунун (Guttmacher Institute – репродуктивдүү ден соолукту изилдөө жана чыңдоо боюнча институт) маалыматына караганда, буга чейин Кытай бойдон алдыруулардын саны боюнча дүйнөдө алдынкы өлкөлөрдүн бири болуп келген. Институт өлкөдө пландаштырылбаган кош бойлуулуктун болжол менен 78% бойдон алдыруу менен аяктарын жазган.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, 2015-2019-жылдар аралыгында жылына орто эсеп менен 9,5 миллион аборт жасалган. Ошол эле учурда Гутмахер институту бул жылдардар аралыгында катталган бойдон алдыруулардын саны жылына 17,7 миллионду түзгөн деп маалымдаган.

Ошондой эле аталган өлкө гендердик дисбаланска дуушар болууда: өткөн жылы өлкөдө эркектер аялдарга караганда 37 миллионго көп экени маалым болгон.

Мындан тышкары, Кытайда төрөттүн санынын төмөндөшү калктын демографиялык картайышына алып келди. БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин маалыматына ылайык, бул өлкөнүн калкы 2025-жылга чейин азая баштайт.

Эске сала кетсек, Кытайда 1980-жылдан 2015-жылга чейин бир гана балалуу болууга уруксат болгон. 2016-жылы КЭР бийлиги үй-бүлөлөргө эки балалуу болууга уруксат берсе, 2021-жылы кийин анын санын үчкө көбөйткөн.

Төрөттү жогорулатуу боюнча жаңы саясаттын алкагында бийлик аялдардын ден соолугун камсыздандырууну жакшыртууга, декреттик өргүүлөрдү көбөйтүүгө, үчүнчү жана андан кийинки балага кошумча каражат бөлүүнү убада кылууда.

Комментарий жиберүү