Львовдо Эрдоган, Зеленский жана Гутерриш эмне тууралуу сүйлөштү?

Кечээ, 18-августта Украинанын Львов шаарында өлкөнүн президенти Владимир Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.

Маалыматка караганда, 40 мүнөткө созулган сүйлөшүүлөр Потоцкий сарайында, жабык эшик артында өттү.

Жолугушууга Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Хакан Фидан жана президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Анда Эрдоган Анкара «Украина тарапта» экенин билдирип, Түркия – НАТОнун башка мүчөлөрүнөн айырмаланып, Россия менен экономикалык алаканы үзбөгөнүн жана ага каршы санкцияларга кошулбаганын, бирок ошол эле учурда Украинага каршы агрессияны айыптап, нейтралдуулукту сактап, Кара деңиз кысыктарын жапканын баса белгилеп өттү.

Ошондой эле Эрдоган бул  жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшөрүн айтты.

Билдирүүгө караганда, Түркия Украинадагы инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул боюнча меморандумдарга эки өлкөнүн тиешелүү министрлери кол коюшкан.

Ал эми Антониу Гутерриш Запорожье АЭСинин жарандык макамын калыбына келтирип, аймактын коопсуздугун камсыздоо боюнча тез арада макулдашууга чакырып өттү.

Бирок Украинанын президенти Россия менен түз сүйлөшүүлөр орус аскерлери мыйзамсыз басып алынган бардык аймактардан чыгып кеткенде гана мүмкүн болорун билдирди.

Комментарий жиберүү