Гутерриш: Дүйнөдө өзөктүк кагылышуу коркунучу жогору

Гутерриш: Дүйнөдө өзөктүк кагылышуу коркунучу жогору

Өзөктүк чыр-чатак коркунучу акыркы ондогон жылдардагы эң олуттуу деңгээлде турат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты. «Өзөктүк коркунуч акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку чекке жетти. Өзөктүк куралы бар мамлекеттер биринчилерден болуп аны колдонбоого милдеттенме алуулары керек», – деди Гутерриш. Ал Коопсуздук Кеңешинин жыйынында, өзөктүк куралы бар мамлекеттер аны өзөктүк куралы жок мамлекеттерге каршы колдонбой турганына жана ал менен коркутпай турганына ишендирип, ачык-айкын болушу керектигин айтты. Буга чейин,…

Прочитайте больше

Египет, Греция жана кээ бир араб өлкөлөрү менен биргелешкен машыгууларды өткөрүүдө

Египет, Греция жана кээ бир араб өлкөлөрү менен биргелешкен машыгууларды өткөрүүдө

Египет армиясынын басма сөз катчысы Гариб Абдулхафыз Фейсбук баракчасынан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкөдө «Хиракл-2» биргелешкен аскердик машыгуусу башталганын билдирди. Египет армиясы Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Греция жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу (ТКРБ) менен биргелешкен аскердик машыгууну баштаганын жарыялады. Египет армиясынын басма сөз катчысы Гариб Абдулхафыз Фейсбук баракчасынан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкөдө «Хиракл-2» биргелешкен аскердик машыгуусу башталганын билдирди. Аталган машыгуунун Сауд Арабия менен бирге Бириккен Араб Эмирликтери, Греция жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун аскерлеринин…

Прочитайте больше

Шольц Орусиянын газына альтернатива табуу үчүн Канадага келди

Шольц Орусиянын газына альтернатива табуу үчүн Канадага келди

Шольц сапарга байланыштуу сөзүндө “Канада дагы Орусия сыяктуу жаратылыш кендерине бай, бирок алар ишенимдүү демократия” экенин айтты. Ал ошондой эле Германия Канададан суюлтулган газды жана никель, кобальт, литий, графит сыяктуу кендерди алууга кызыкдар экенин кошумчалады. Соңку аталган кендер аккумулятор өндүрүү үчүн зарыл. “Биздин өлкөдө кескин чараларга барбай туруп, кыштан чыгууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ооба, оор мезгилдер күтүп турат, анткени Германия Орусиядан газды алууну мындан ары да кыскартуусун улантышы керек”, – деди экономика министри Роберт Хабек…

Прочитайте больше

Казакстандык компания Кыргызстанда 1 млрд. долларга ГЭС курат

Казакстандык компания Кыргызстанда 1 млрд. долларга ГЭС курат

Казакстандын Orient Trade Investment компаниясы Кыргызстанга 1 млрд. долларга ГЭС курат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Бишкекте Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканасы менен Казакстандын Orient Trade Investment компаниясы Нарын дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча меморандумга кол койду. Тараптар Нарын дарыясына төрт ГЭСтен турган “Казарман” каскадын курууну макулдашкан (Алабуга ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭС). Каскаддын кубаттуулугу 1 160 мегаватт болот. Курулуш иштерин 5-6 жылдын ичинде бүтүрүү пландалды. Анын сметалык баасы 1 миллиард…

Прочитайте больше