Шольц Орусиянын газына альтернатива табуу үчүн Канадага келди

Шольц сапарга байланыштуу сөзүндө “Канада дагы Орусия сыяктуу жаратылыш кендерине бай, бирок алар ишенимдүү демократия” экенин айтты. Ал ошондой эле Германия Канададан суюлтулган газды жана никель, кобальт, литий, графит сыяктуу кендерди алууга кызыкдар экенин кошумчалады. Соңку аталган кендер аккумулятор өндүрүү үчүн зарыл.

“Биздин өлкөдө кескин чараларга барбай туруп, кыштан чыгууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Ооба, оор мезгилдер күтүп турат, анткени Германия Орусиядан газды алууну мындан ары да кыскартуусун улантышы керек”, – деди экономика министри Роберт Хабек жолго чыгардагы өз билдирүүсүндө.

Дүйшөмбү күнү Европа биржасында газдын миң метр кубуна болгон баа 3 миң евродон ашып кетти. Бул марттан берки кайрадан кымбаттоо. Баанын көтөрүлүшү “Газпром” Европага газ жеткирүүнү кыскартып жатканы менен байланыштуу. Германиянын бийлиги орусиялык отунга альтернатива издеп жатканын билдиргени менен “Газпром” менен келишимди үзүү тууралуу айтыша элек.

Жекшемби күнү Федералдык өкмөттүн ачык эшиктер күнүндө эки кыз Орусиянын газына каршы акция өткөрүшкөн. Алар немис канцлери менен сүрөткө түшүүнү суранып, Шольцтун жанында үстүңкү кийимдерин чечип жиберишкен. Жылаңач көкүрөгүнө “Газ эмбаргосу – азыр керек” деген лозунг жазып алган кыздар орус көгүлтүр отунуна тыюу салууну талап кылып кыйкырышкан.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Кремль Украинада согуш уланып жаткан мезгилде Европага газды минималдык чекте берүүсүн уланта бермекчи. Басылма билдиргендей, Орусиянын бийлиги муну менен европалык лидерлерге басым жасап, аларды Москва каршы санкцияларын кайра карап чыгууга жана Украинаны колдоосунан баш тартууга мажбурлагысы келет. Кремль болсо мындай кадамга барып жатканын төгүндөөдө.

Комментарий жиберүү