Украинада орусиялык 903 актив конфискацияланат

Украинада орусиялык 903 актив конфискацияланат

Украинанын Министрлер кабинети мамлекетке өткөрө турган орусиялык активдердин жана мүлктөрдүн тизмесин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Денис Шмыгаль маалымдады. “Бүгүн президенттин орус өкмөтүнө таандык 903 мүлктү конфискациялоо жарлыгын өкмөт бекитти. Алардын 79у корпоративдик укуктагы актив, 824ү мүлк”, – деди Шмыгаль. Премьер-министр алар Орусияга караштуу мүлк, санкцияга кабылган орусиялыктардын активдери жана компаниялары, орус банктарынын активдери экенин белгиледи. Өкмөт башчы мамлекетке өткөрүлгөн мүлктөр сатылып, акчасы Украинаны коргоо жана калыбына келтирүүгө жумашаларын кошумчалады. 23-майда Украинанын президенти Владимир…

Прочитайте больше

Пакистанда сел кырсыгынан 500дөн ашык адам өлдү

Пакистанда сел кырсыгынан 500дөн ашык адам өлдү

Пакистанда соңку бир айдын ичинде катуу жаан-чачын алып келген селден 549 адам өлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Табият кырсыктары менен күрөшүү боюнча улуттук башкармалыгы кабарлады. Каза болгондордун көбү түштүк-батыштагы Белужистан провинциясындагы жакыр жашаган үй-бүлөлөлөрдөн болду. Апта башында бул аймакка куткаруу миссиясы менен бараткан тик учак да кулап, андан сегиз адам өлгөн. Провинциянын жетекчилиги өкмөттөн сырткары, эл аралык уюмдардан да жардам сурады. Аталган мекеменин билдиришинче, өткөн айда бул өлкөдө алдыңы 30 жылдан берки эң көп жаан-чачын катталды….

Прочитайте больше

Сочиде Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүсү 4 сааттан ашык убакытка созулду

Сочиде Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүсү 4 сааттан ашык убакытка созулду

Сочиде Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган жолугушту.  Сүйлөшүүлөр төрт сааттан ашык созулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн лидерлери жолугушуунун аягында биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Песковдун айтымында, жолугушууда башка документтерге, анын ичинде кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу пландалган эмес. Мамлекет башчылары Сириянын саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн жактай тургандыктарын, өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүүдө биргелешип аракеттенүүгө чечкиндүүлүктөрүн ырасташты. Кремлдин басма сөз кызматы Сириянын аймактык жана эл аралык стабилдүүлүккө жетишүүсү үчүн Россия…

Прочитайте больше

Израилдин Газага кол салуусуна дүйнө жүзүнөн каршы чыгуулар айтылып жатат

Израилдин Газага кол салуусуна дүйнө жүзүнөн каршы чыгуулар айтылып жатат

Билдирүүдө ошондой эле эл аралык коомчулукту Израилдин  өзгөчө Газадагы чабуулдары баш болгон  Палестина элине кол салууларын токтотуу үчүн басым жасоого чакырды. Палестинанын Мамлекет башчылыгы Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салышын айыптады. Палестинанын расмий агенттиги WAFAда жарыяланган Палестина башкаруучулугунун билдирүүсүндө, Газа тилкесиндеги кооптуу чыңалуудан Израиль армиясынын жооптуу экени билдирилип, Израилдин чабуулдарын тез арада токтотуусу талап кылынды. Билдирүүдө ошондой эле эл аралык коомчулукту Израилдин  өзгөчө Газадагы чабуулдары баш болгон  Палестина элине кол салууларын токтотуу үчүн басым жасоого…

Прочитайте больше