Сочиде Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүсү 4 сааттан ашык убакытка созулду

Сочиде Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган жолугушту. 

Сүйлөшүүлөр төрт сааттан ашык созулду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн лидерлери жолугушуунун аягында биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Песковдун айтымында, жолугушууда башка документтерге, анын ичинде кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу пландалган эмес.

Мамлекет башчылары Сириянын саясий биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн жактай тургандыктарын, өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүүдө биргелешип аракеттенүүгө чечкиндүүлүктөрүн ырасташты.

Кремлдин басма сөз кызматы Сириянын аймактык жана эл аралык стабилдүүлүккө жетишүүсү үчүн Россия менен Түркиянын ортосундагы ачык жана ишенимдүү мамилелер маанилүү экенин баса белгилешти.

Мындан тышкары, лидерлер эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү, транспорт, соода, айыл чарба жана туризм, экономика жана энергетика тармактарында кызматташууну, ошондой эле жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынын Түркияда өткөрүүнү макулдашышты.

Иш-чаранын башында Путин “Түрк агымы” Европаны Россиянын газы менен камсыз кылуучу эң маанилүү артериялардын бири деп атап, бул үчүн аймактагы өнөктөштөр Анкарага ыраазы болушу керектигин айтты.

Ошондой эле ал кесиптешине Украинадан эгин жеткирүү маселесин чечкени үчүн ыраазычылык билдирип өттү.

Түрк президенти өз кезегинде мамлекет башчылары кызматташуу маселелеринде жаңы барак ачуусу зарылдыгына токтолуп, Аккую атомдук электр станциясын курууда мүчүлүштүктөрдүн алдын алууга чакырды.

Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөр “Рус” санаторийинин аймагында өттү. Путин менен Эрдоган алгач бетме-бет жана делегациялардын мүчөлөрүнүн катышуусунда сүйлөшүү өткөрүштү. Журналисттерге жолугушуунун башталышына катышууга уруксат берилди. Бирок кийин баарлашуу жабык эшик артында уланды.

Комментарий жиберүү