Израилдин Газага кол салуусуна дүйнө жүзүнөн каршы чыгуулар айтылып жатат

Билдирүүдө ошондой эле эл аралык коомчулукту Израилдин  өзгөчө Газадагы чабуулдары баш болгон  Палестина элине кол салууларын токтотуу үчүн басым жасоого чакырды.

Палестинанын Мамлекет башчылыгы Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салышын айыптады.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAда жарыяланган Палестина башкаруучулугунун билдирүүсүндө, Газа тилкесиндеги кооптуу чыңалуудан Израиль армиясынын жооптуу экени билдирилип, Израилдин чабуулдарын тез арада токтотуусу талап кылынды.

Билдирүүдө ошондой эле эл аралык коомчулукту Израилдин  өзгөчө Газадагы чабуулдары баш болгон  Палестина элине кол салууларын токтотуу үчүн басым жасоого чакырды.

Израилдин Батыш Шериада жана Газада жарандарды бутага алган кол салууларына Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) да каршы чыкты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыш тынчтык процесси боюнча атайын өкүлү Тор Веннесланд жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Газада Исламий Жихад кыймылынын алдыңкы ишмеринин максаттуу түрдө өлтүрүлүшү менен бирге «Палестиналар менен Израилдин ортосунда уланып жаткан чыңалуудан терең тынчсызданганын» айтты.

«Акыркы бир нече саатта Израилдин аба соккуларынан кеминде 10 палестиналык каза болду. Бул кол салууларда 5 жашар баланын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жай тургундарга жасалган кол салууну эч кандай актоо мүмкүн эмес»,-деп айткан БУУнун атайын өкүлү бардык тараптарды ракеталарды учурууну токтоосуз токтотууга жана мындан ары чыңалууну болтурбоого чакырды.

Билдирүүнүн аягында, «БУУ өзгөчө жарандар баш болгон кыйратуучу кесепеттерге алып келген дагы бир чыр-чатактын алдын алуу үчүн тийиштүү бардыгы менен толук байланышта. Мунун алдын алуу тараптардын милдети»,деген сөздөр камтылды.

Катардын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Эл аралык коомчулук баскынчынын (Израиль) карапайым калкка, өзгөчө аялдарга жана балдарга карата кайталанган кол салууларын токтотуу үчүн тез арада чара көрүшү керек»,-деп айтылды.

Иорданиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө эл аралык коомчулуктан Газадагы күчөштүн алдын алуу жана Палестина калкын коргоо үчүн шашылыш жана таасирдүү чара көрүлүшү талап кылынды.

Израилдин Газага кол салууларын тез арада токтотууга чакырган билдирүүдө Израилдин күчөшүнүн жана жарандарды коркутуусунун кооптуу натыйжалары эскертилип, мунун чыңалууну жана зомбулукту гана арттырып, үмүтсүздүктү күчөтө турганы белгиленди.

Комментарий жиберүү