Египет, Греция жана кээ бир араб өлкөлөрү менен биргелешкен машыгууларды өткөрүүдө

Египет армиясынын басма сөз катчысы Гариб Абдулхафыз Фейсбук баракчасынан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкөдө «Хиракл-2» биргелешкен аскердик машыгуусу башталганын билдирди.

Египет армиясы Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Греция жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу (ТКРБ) менен биргелешкен аскердик машыгууну баштаганын жарыялады.

Египет армиясынын басма сөз катчысы Гариб Абдулхафыз Фейсбук баракчасынан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкөдө «Хиракл-2» биргелешкен аскердик машыгуусу башталганын билдирди.

Аталган машыгуунун Сауд Арабия менен бирге Бириккен Араб Эмирликтери, Греция жана Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунун аскерлеринин катышуусу менен өткөрүлгөнүн белгилеген Абдулхафыз, машыгууга АКШ, Иордания, Конго Демократиялык Республикасы жана Бахрейн байкоочулар катары катышканын белгиледи.

Абдулхафыз Египеттин түндүгүндөгү «Мухаммед Нажиб» базасында өткөрүлгөн аскердик машыгуунун бир нече күнгө созула турганын, биринчи этапта катышуучу бөлүктөрдүн концепцияларды айкалыштыруу үчүн жолугуша турганын жана машыгууда колдонула турган куралдардын тааныштыруусу болоорун билдирди.

Аскердик машыгуунун «Египеттин дос жана боордош өлкөлөр менен аскердик карым-катнаштарын жана кызматташтыгын өнүктүрүү» аракеттеринин алкагында өткөрүлгөндүгүн белгилеген Абдулхафыз, өнүккөн технологиялык курал жана жабдыктар колдонула турган машыгуунун тажрыйба алмашууга да салым кошо турганын айтты.

Жакынкы Чыгышта жыл башынан бери эл аралык жана аймактык чыңалуунун көлөкөсүндө аскердик машыгуулар күчөдү.

Комментарий жиберүү