Гутерриш: Дүйнөдө өзөктүк кагылышуу коркунучу жогору

Өзөктүк чыр-чатак коркунучу акыркы ондогон жылдардагы эң олуттуу деңгээлде турат.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

«Өзөктүк коркунуч акыркы ондогон жылдардагы эң жогорку чекке жетти. Өзөктүк куралы бар мамлекеттер биринчилерден болуп аны колдонбоого милдеттенме алуулары керек», – деди Гутерриш.

Ал Коопсуздук Кеңешинин жыйынында, өзөктүк куралы бар мамлекеттер аны өзөктүк куралы жок мамлекеттерге каршы колдонбой турганына жана ал менен коркутпай турганына ишендирип, ачык-айкын болушу керектигин айтты.

Буга чейин, 6-августта БУУнун башкы катчысы дүйнөдө жаңы жарыша куралдануу башталганын жарыялаган. Анын айтымында, куралсыздануу боюнча өткөн кылымда түзүлгөн келишимдер да коркунуч алдында турат.

Стокгольмдогу тынчтыкты изилдөө институтунун баяндамасына ылайык, тогуз ядролук куралы бар мамлекеттер өзөктүк арсеналдарын модернизациялоону улантууда. Өзөктүк куралдын жалпы саны 2021-жылдын январынан 2022-жылдын январына чейин бир аз азайган, бирок кийинки он жылда көбөйүшү мүмкүн.

Белгилей кетсек, Россия менен АКШ дүйнөдөгү бардык өзөктүк куралдын 90 пайыздан ашыгына ээ.

Комментарий жиберүү