Сауд Аравия Өзбекстанга дүйнөдөгү эң чоң шамал электр станциясын курат

Өзбекстан менен Сауд Аравиянын Энергетика министрлиги жана компаниялары жалпы баасы 12 миллиард долларды түзгөн үч ири кызматташуу келишимине кол коюшту.

Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимдерге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Сауд Аравияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.

“Макулдашуулар эки өлкөнүн ортосундагы отун-энергетикалык комплекс тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн аянтча болуп берет. Тактап айтканда, Өзбекстандын жашыл суутек секторун өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташуу, анын ичинде Сауд Аравия тараптан инвестиция тартуу каралууда”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Биринчи документке ылайык, Каракалпакстан Республикасында ACWA Power компаниясы тарабынан кубаттуулугу 1,5 ГВт шамал электр станциясын куруу боюнча келишим түзүлдү.

Бул аймактагы гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү эң ири шамал электр станциясы болот.

Шамал станциясынын кубаттуулугу 1,65 миллион үй чарбаны электр энергиясы менен камсыздап, жылына 2,4 миллион тонна көмүртектин эмиссиясын компенсациялоосу күтүлүүдө.

Экинчи документ Сауд Аравия тараптын жакынкы 5 жылда Өзбекстандын энергетикалык комплексине 10 миллиард доллар инвестиция салуусу боюнча келишим.

Комментарий жиберүү